Башкы Жаңылыктар КР БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

КР БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

08-Май, 2023

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - СӨМ), маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик «Тизме» порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды.

Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2023-жылдын 8-майына 51 шайлоо участкасына илинди.

№26 Ленин шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 124 671, анын ичинен 54 585 эркектер жана 70 086 аялдар же 43,79% жана 56,21%.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.

Урматтуу шайлоочулар!

2023-жылдын 11-апрелинен тартып 17-майына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик «Тизме» порталында (tizme.gov.kg) «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

 

Маалымдама: КР шайлоо мыйзамдарына ылайык - бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн КР жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат. ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 48 абз., 14-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту).

№26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси, түзүлүп мамлекеттик «Тизме» порталына жайгаштырылат, 2023-жылдын 23-майына чейин шайлоо участокторуна илинет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>