Башкы Жаңылыктар ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ! Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясында шайлоо …

ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ! Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясында шайлоо технологияларын пайдалануу менен мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун Президентин шайлоо болуп ѳттү

30-Апр, 2023

​КР БШКнын жарандык билим берүү борбору Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун - шайлоо технологияларын пайдалануу менен «Ачык Асман» мектеп республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳттү.

​Мектептеги окуучулардын ѳзүн ѳзү башкаруусунун Президентигине талапкер болуп тѳмѳндѳгү 4 окуучу катталды:

1. КАЙРАТОВ КАНАТ КАЙРАТОВИЧ
2. РАХАТБЕКОВ ЭМИР БЕКНАЗАРОВИЧ
3. ДМИТРИЕВ КИРИЛЛ ДМИТРИЕВИЧ
4. БОЛОТБЕК САНИРАБИЙГА

 

Бир ай бою мектептерде үгүт жүргүзүү болду, талапкерлер «Ачык Асман» Мектеп Республикасын ѳнүктүрүү боюнча ѳздѳрүнүн программаларын сунуш кылышты.

Мектептин ​жетекчилигинин жана окуучулардын ичинен мектептин шайлоо комиссиясы түзүлдү. Алар үчүн КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, протоколдор жана тест бюллетендер боюнча атайын эскертме иштелип чыккан. Мектепте добуш берүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун колдонуудагы жол-жоболоруна ѳтѳ жакын иштелип чыккан.

Добуш берүү 2023-жылдын 28-апрелинде саат 10.00дѳн 15.00 чейин болуп ѳттү. Шайлоочуларды идентификациялоо электрондук күндѳлүк аркылуу ѳткѳрүлдү. «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын шайлоочуларынын тизмесине 7-11-класстардын окуучулары жана окутуучу курам – 1769 шайлоочу (алардын ичинен 1573 – окуучулар, 196 – мугалимдер) киргизилген. Алардын ичинен 914 шайлоочу (52%): 880 окуучу (окуучулардын тизмесине киригизилген сандын 56%), 34 мугалим (мугалимдердин тизмесине киргизилген сандын 17%) катышты.

 

 

“Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президетин шайлоо жѳнүндѳ” протоколго ылайык:

Шайлоочулдардын тизмесине киргизилген шайлоочулдардын жалпы саны 1769 шайлоочуну түзгѳн.

2023-жылдын 28-апрелинде Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын саны – 914, бул шайлоочулдардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 51,7 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Кайратов Канат Кайратович 196 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 21,4 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Рахатбеков Эмир Бекназарович 349добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 38,2 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Дмитриев Кирилл Дмитриевич 216добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 23,6 % түзѳт.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун Президентинин кызмат ордуна талапкер Болотбек Санирабийга 134 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,7 % түзѳт.

“Баарына каршы” позициясы үчүн 9 шайлоочу добуш берген, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,98 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун – “Ачык Асман” Мектеп Республикасынын Президетин шайлоодо добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Рахатбеков Эмир Бекназарович шайланды.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>