Башкы Жаңылыктар “МКТдагы кыздардын” эл аралык күнү

“МКТдагы кыздардын” эл аралык күнү

27-Апр, 2023

2011-жылдан бери жыл сайын апрель айынын төртүнчү бейшембисинде “МКТдагы кыздар” эл аралык күнү (International Girls in ICT Day) белгиленет. Бул майрам БУУнун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы адистештирилген мекемеси болуп саналган ЭЭБ – Эл аралык электрбайланыш бирлиги тарабынан демилгеленген.

Бул майрамды демилгелөөнүн башкы максаты – кыздарга жана жаш аялдарга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө кесиптик өсүүнүн келечегин көрсөтүү.

Бүгүн, 2023-жылдын 27-апрелинде КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан санариптик билим берүүнүн алкагында Кыргызстандын санариптик лидерлерин чакыруу менен аталган майрамга карата иш-чара уюштурулду.

КР БШК төрагасы Н.К. Шайлдабекова, КР Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ж.Шаршенова саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун колледжинин санарип технологиялары жана IT департаментинин студент кыздары катышты, ошондой эле аймактардагы 71 жарандык жана санариптик билим берүү борборунан Zoom санариптик платформасынын жардамы менен он-лайн көрсөтүү аркылуу республиканын бардык облустарындагы катышууну каалаган бардык кыз-келиндер кошулду.

Иш-чара кыздардын чоң кызыгуусун жаратты. Бул МКТ чөйрөсүндө ар кандай багыттарда иштеген жана иш-чарага чакырылган спикерлердин аркасында мүмкүн болду, алар ынтызырлыкты көрсөтүп, өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүштү.

1) Женни Жениш кызы, эксперимент жүргүзүү боюнча жетекчи, БУУӨПтүн лабораториясынын акселератору STEM (илим-технология-инженерия-математика) тармагындагы глобалдык тенденциялар, ошондой эле санариптик доордогу кыздар жана аялдар үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берди. БУУӨП кыргыз тилинде үйрөнчүктөр үчүн санариптик көндүмдөр боюнча окутуучу материалдарды иштеп чыкты, алар UNDPKG Ютуб каналында жеткиликтүү.

STEM чөйрөсүндөгү илим, технология жана инновация биздин барган сайын глобалдуу жана санариптик коомубуздун маанилүү кыймылдаткыч күчтөрү болуп саналат. Бирок, жогорку билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн 31%ы гана кыздар. Кыргызстанда үч кыздын бирөө гана компьютердик сабаттуулукка ээ.

Коомдун маалымат чөйрөсүнүн тез өнүгүшү эмгек рыногунун суроо-талаптарын түп-тамырынан бери өзгөртөт, жаңы кесиптердин жана жумуш орундарынын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Дүйнөлүк өнүгүү жана санариптештирүү доорунда кыздар жана жаш аялдар билим алууга бирдей жеткиликтүү жана МКТ же STEM чөйрөсүндө мансап жасоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек.

2) Душенова Марина Анарбековна, “Technowoman KG” билим берүү багытынын лидери.

Technowoman KG – бул Кыргызстандагы аялдар кыймылынын жаңы багыты. Анын башкы миссиясы – Кыргызстандагы аялдар жана кыздар үчүн жогорку технологиялар чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу. “Technowoman” аялдары – бул технологиялык (IT, инженерия, биотехнология ж.б.) кесиптерде иштеген жаңы муундагы аялдар. Спикер бирикменин стратегиясына жана миссиясына кеңири токтолуп, маалыматтык технологиялар жаатында сапарын жаңыдан баштап жаткандар үчүн жетишилген ийгиликтер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу мисалдар менен айтып берди.

3) Тимур Мон – биздин мекендеш, ал Нью-Йоркто жашайт жана “Yurtah” жана “Jyldyz Academy” старт-аптарынын негиздөөчүсү. Тимур Коннектикут университетин бүтүргөн. 2014-жылдан бери Нью-Йоркто Уолл Стритте кыймылсыз мүлк сатуу жана ижарага берүү тармагында иштеп келатат.

Тимур эмне үчүн жаш курагына жана убактысына карабастан, дайыма билим алуу маанилүү экендигин айтты. Тимур өз бүтүрүүчүлөрүнүн “Келечек-1”, “Келечек-2” социалдык долбоорлорунун ийгиликтери менен бөлүштү. Ал өзүнүн “Чырак” долбоорунун мисалында катышуучуларды бүтүрүүчү У.Айтбаева менен тааныштырды, ал балдарга кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тиркеме иштеп чыккан.

Жыйынтыгында бардык катышуучулар спикерлерге суроолорун беришип, өз ой-пикирлери менен бөлүштү.

Аймактардагы катышуучулар аймактардагы келечекте ишке ашырылуучу санариптик долбоорлорго кызыгышты, анткени алардын арасында чыгармачыл, мобилдүү жана максатка умтулган жаш кыздар абдан көп. Алар мындай семинарларды аймактарда уюштуруу боюнча каалоолорун билдиришти.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>