КР БШК 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитти
18 апреля 2023
2023-жылдын 9-апрелинде Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешти шайлоо болуп өттү.
14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 53 шайлоо участогу уюштурулду.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 72 009 шайлоочу киргизилген, анын ичинде 71168и – участоктордо добуш берүү үчүн, ал эми 841и электрондук добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген.
Добуш берүүгө бардыгы 28088 шайлоочу катышты, бул добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин жалпы санынын 39,01 пайызын түздү:
- Шайлоо участокторунда добуш бергендердин саны – 27 394 шайлоочу, бул 38,49 пайызды түздү.
- Электрондук түрдө добуш берүүгө 841 шайлоочудан 694ү катышты, бул электрондук түрдө добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 82,52 пайызын түздү.
9 аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарды, алардын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
14 айылдык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде, округдарда аялдар үчүн 97 мандат резервде калтырылган, 470 талапкер катталган, анын ичинде, 164ү аял-талапкер.
Бардыгы – 254 депутат шайланды, анын ичинде, 102 депутат – аялдар.
14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:
Баткен облусу
Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши
Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши
Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши
Ош облусу
Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши
Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңеши
Нарын облусу
Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши
Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши
Талас облусу
Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши
Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңеши
Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши
Чүй облусу
Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши
Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө АШК чечимдери БШКга 3 күн ичинде даттанылат. БШК чечимин сот тартибинде даттанса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү