Башкы Жаңылыктар КР БШКнын 2023-жылы 17 - апрелде өтүүчү жыйналышынын …

КР БШКнын 2023-жылы 17 - апрелде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

17-Апр, 2023

Өткөрүү датасы: 17-апрели 2023-ж.

Убактысы: 16.30

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

 

 

1. Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Н. Сыдыковдун ишенимдүү адамы М. Ж.Мойдуновдун арызы жөнүндө

(баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

2. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

(баяндамачы – У.К. Жылкыбаев, БШКнын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси)

 

3. Булекбаев Эркин Касымовичти №26 Ленин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

4. Кунакунов Максат Касымжанович №26 Ленин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

5. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

6. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

7. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

8. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

9. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

10. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

11. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

12. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

13. 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

14. Электрондук добуш берүүнү жана шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ

(баяндамачы – А.Ж.Акимбаев, маалыматтык-технологиялык башкармалыгынын башчысы)

 

15. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Исмаилова Карачач Джумаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Жумушчу топтун мүчөсү)

 

16. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Касмалиев Ажыбек Кадыркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Жумушчу топтун мүчөсү)

 

17. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сакиев Нурлан Казыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Жумушчу топтун мүчөсү)

 

18. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Тербишалиев Данияр Омурзаковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Жумушчу топтун мүчөсү)

 

19. Ар түрдүү маселелер

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>