Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

14-Апр, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 13-апрелинде өткөн жыйналышында Кара-Суу, Өзгөн, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Нарын, Кочкор, Ысык-Ата, Токмок жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Алиев Бексултан Таштемировичтин (№27, «Эл Үмүтү» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдираимов Сапарбай Ташбековичке (№27, «Эл Үмүтү» саясий партиясы); өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаты Жолдошев Эмиль Жеңишбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ормонов Чынгыз Нурахметовичке өткөрүп берилди.

Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде беш жолу катышпагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык Жолдубаева Жанаргүл Топчубаевнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Алиев Аскар Урматбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Камалов Азамат Саипжановичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Сакимбаев Ринат Сарайбековичтин (№4, «Эмгек» депутаттык фракциясы), Керимкулова Бактыгүл Бердибековнанын (№3, «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясы), Мамбеталиев Бердибек Кубатбековичтин (№10, «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде токтотулду. Мандаттар Эрмеев Дамир Диясовичке (№10, «Эмгек» саясий партиясы), Бакаева Алина Бакаевнага (№15, «Бирге-Вместе» саясий партиясы), Осмоналиев Максат Жээнбековичке (№16, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде жети жолу катышпагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаттары Замирбеков Алмаз Замирбековичтин жана Корчубекова Татына Корчубековнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты Туратбек уулу Нурландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эсенбек уулу Айдарбекке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Турусбекова Майрамгүл Эсеналиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алыбаев Авазбек Догдурбаевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттары Мамедов Рауф Нурмановичтин (№2, «Республика» депутаттык фракциясы), Шабаз Рустам Керимовичтин (№5, «Республика» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде токтотулду. Мандаттар Кадыров Улан Айзабековичке (№10, «Республика» саясий партиясы); Рыскулбеков Санжар Рыскулбековичке (№11, «Республика» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Солтобаев Тилек Асановичтин (№1, «Асыл Мурас-Жаштар» депутаттык фракциясы), Чокеев Кайрат Кубанычбековичтин (№1, «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арыздарынын негизинде, ал эми жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде он алты жолу катышпагандыгына байланыштуу Нурдинов Азамат Рахимджановичтин (№5, «Асыл Мурас-Жаштар» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандаттар Насеков Айбек Рысбековичке (№10, «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясы), Браун Максим Андреевичке (№13, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Воронина Татьяна Сергеевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сманова Айсалкын Дуванаевнага өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Мийсамалиев Арстанбек Туратбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кабылов Бакытбек Алтымышовичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Медербеков Максатбек Кайымбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Молдогазиев Азатбек Аманкуловичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Тулкубаев Санжар Рыскулбековичти (№8, «Республика» саясий партиясы) Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин, Ташиев Исмаилбек Абытовичти (№24, «Эл Үмүтү» саясий партиясы), Маматов Тимур Канатовичти (№22, «Эл Үмүтү» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Асанбаев Алгабас Токторбековичти Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>