БШКда электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүү борбору уюштурулган

09 апреля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 9-апрелинде 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлүүдѳ.

Шайлоолордо жарандардын катышуусун кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр аймактарында биринчи ирет депутаттарды шайлоодо пилоттук электрондук добуш берүү жүрүп жатат.

Электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында байкоо жүргүзүү борбору уюштурулду.

dobush.shailoo.gov.kg сайтында добуш берүүнүн жүрүшүнѳ мониторингди ишке ашырса болот. Ошондой эле БШК коомдук байкоочуларды БШКнын имаратында электрондук добуш берүүгѳ мониторинг борборунда пилоттук электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүүнү ишке ашырууга чакырат.

Электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнѳ мониторингге Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын депутаттарын шайлоодо биринчи жолу электрондук добуш берүү ѳткѳрүлүп жаткан үч айыл аймактарынын тургундары, ошондой эле коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү байкоочулар катары катышууда.

Электрондук добуш берүү кантип ѳткѳрүлѳ тургандыгы жѳнүндѳ видеороликти ушул жерден кѳрсѳ болот.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү