№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутатын шайлоого ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
31 марта 2023
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
КР БШК 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутатын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө билдирмелерди кабыл ала баштады.
Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларга кабарландырууну жана шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүү милдетин аркалайт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар БШКдан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
БШК «№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2023-жылдын 29-мартында жарыяланганын эске салат. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2023-жылдын 9-апрелине чейин (кошуп алганда) төмөнкүдөй документтерди БШКга берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирме, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди салык органдарында каттоо (патент) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (интернет-басылмалар үчүн);
- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган берген, иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү же интернет-басылмага жарыялоо укугу жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган жогоруда аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү