Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын Банктар бирлиги аймактардагы Жарандык жана санариптик билим …

Кыргызстандын Банктар бирлиги аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун базасында Акчанын глобалдык жумасына (Global Money Week) арналган иш-чараларды өткөрөт

23-Мар, 2023

Көңүл буруңуз! Эгерде Сиз өз бизнесиңизди баштоону, билим деңгээлиңизди арттырууну, каржы менеджментинин негиздерин түшүнүүнү кааласаңыз, 2023-жылдын 27-мартында саат 11.00дө аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлоруна келиңиз, ал жерлерде бардык каалоочулар үчүн OKUU.UB.KG окутуу платформасын пайдалануу жана “Орто жана чакан бизнес (ОЧБ) үчүн каржылык сабаттуулук” курсун андан ары өтүү боюнча онлайн тренинг өтөт.

Тренинг Кыргызстандын Банктар бирлиги тарабынан КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен биргеликте IFCтин Борбор Азияда каржылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү кеңейтүү боюнча Долбоорунун (CAFINC) колдоосу астында өткөрүлүүдө.

Иш-чара дүйнө боюнча 176 өлкөдө өткөрүлүп жаткан жана жаштардын каржы маселелери тууралуу кабардар болуусун арттырууга, акыл-эстүү каржылык чечимдерди кабыл алуу, каржылык жактан бакубат жашоого жетүү үчүн керектүү билимге, жүрүм-турум көндүмдөрүнө жана моделдерине ээ болууга багытталган Акчанын глобалдык жумасына арналган.

Онлайн курс 14 модулдан (11 окутуу жана 3 тааныштыруучу), атап айтканда, төмөнкүлөрдөн турат: ОЧБ типтери жана алардын салык төлөөсү, пайда алуу, операциялык чыгымдар, проценттерди, салыктарды, иштен чыгууну жана эсептелген амортизацияны (EBITDA) төлөө боюнча чыгымдарды эсептен чыгарганга чейинки пайданын көлөмүнө тете аналитикалык көрсөткүч, таза пайда, акча каражаттарынын кыймылы, баланс түзүү, каржылык болжолдоо жана моделөө, ошондой эле тааныштыруучу үч модуль: (i) Ислам финансысы, (ii) Санариптик каржы өнүмдөрү жана киберкоопсуздук, (iii) Каржылык эмес банк кызмат көрсөтүүлөр.

Курстун негизи катары ишкер коомдук тамактануучу чакан ишкана ачууну көздөгөн тажрыйбадан мисал алынды. Ар бир сабак бизнестин каржылык моделин түзүүдө кышча болуп саналат. Курс каржы маселелери тууралуу анча кабардар эмес адамдарга эсептелген, сабактар финансыны башкаруунун бардык өңүттөрү ирээти жана кеңири түшүндүрүп, мисалдарды келтирүү менен ачылгыдай түрдө түзүлгөн.

Онлайн-курсту ийгиликтүү аяктоонун натыйжасы боюнча ар бир катышуучуга бул курстан өткөндүгү тууралуу электрондук сертификат берилет.

Каржылык сабаттуулук онлайн-курсу ОЧБнын иштеп жүргөн жана келечектеги бардык өкүлдөрү үчүн кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Эгерде суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Төмөндө аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун даректери берилди, Сиз ушул жерлерге келип, онлайн тренингден өтсөңүз болот.

 

Аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун даректери

 

№

Шаар/район/дареги

Борборлор жайгашкан жер

 

Бишкек шаары:

 

  1.  

Ленин району,

Чокморов көч., 246​

Бишкек шаарынын борборлошкон китепкана тутуму

  1.  

Свердлов району,

Кольбаев көч., 4​

К. Тыныстанов атындагы №5 шаардык китепкана

  1.  

Октябрь району,

7-й микрорайон, 1-үй

С.Орозбаков атындагы №13 шаардык китепкана

  1.  

Биринчи май району,

А. Огонбаев көч., 242

К.Баялинов атындагы балдардын жана жаштардын республикалык китепканасы

 

Ош шаары:

 

  1.  

Ош ш., Навои көч., 5

Шаардык китепкана

  1.  

Ош ш., Курманжан Датка көч., 271

Облустук китепкана

 

Ош облусу:

 

  1.  

Өзгөн району,

Мырзаке айылы, Нурбаев көч., 30

Маданият үйүндөгү айыл китепканасы

  1.  

Өзгөн району Куршаб айылы, А.Камчыбеков көч.,, 248

А.Тангатаров атындагы№14 интернат гимназия

  1.  

Алай району, Гүлчө айылы,

Курманжан Датка көч., 11

Райондук китепкана

  1.  

Кара-Суу району,

Нариман а/ө, Нурдар айылы, Бабур көч., н/ж

Маданият үйүндөгү Жаштар борбору

  1.  

Кара-Суу району, Жоош айыл өкмөтү, Большевик айылы, К.Адышев көч., н/ж

Маданият үйү

 

  1.  

Ноокат району,

Ноокат ш., О.Солтобаев көч., 1

Райондук борборлошкон китепкана

  1.  

Чоң-Алай району

Дароот-Коргон айылы, Ч.Сулайманов көч., 81

Кесиптик лицей № 44

  1.  

Араван району, Чек-Абад а/ө, Кочубаев айылы, Кочубаев көч., 135

Жаштар борбору

 

  1.  

Араван району, Араван айылы,

Х.Абдуллаев көч., 1

А.С. Пушкин атындагы райондук китепкана

  1.  

Кара-Кулжа району,

Кара-Кулжа айылы, Ч.Пазылов көч., 30

А.Токтосартов атындагы райондук китепкана

 

Чүй облусу:

 

  1.  

Жайыл району, Кара-Балта ш.,

Кожомбердиев пр. 117,

Райондук китепкана

  1.  

Кемин району,

Кемин ш., Победа көч., 23

Маданият үйү

  1.  

Кемин району,

Орловка ш., Кудряшов көч., 15

Маданият үйү

  1.  

Сокулук району,

Сокулук айылы, Ленин көч., 124

Райондук китепкана

  1.  

Сокулук району,

Шопоков ш., Ленин көч., 23

Маданият үйү

  1.  

Панфилов району,

Кайыңды ш., Садовый чолок көч., 7

РМА имаратындагы БСБ

  1.  

Москва району,

Беловодское айылы, Ленин көч., 27

РМА чакан залы

  1.  

Аламүдүн району,

Маевка айылы, Школьная көч., 112 б

Жаштар борбору

  1.  

Аламүдүн району,

Лебединовка айылы , Ленин көч., 354 а

РМА чакан залы

  1.  

Ысык-Ата району,

Кант ш., Маликов чолок көч., 5

Облустук китепкана

  1.  

Токмок ш., Сарыбагышев көч., 80А.

Борбордук китепкана

  1.  

Чүй району,

Чүй айылы, М. Сансызбаев көч., 75

Чүй борбордук китепкана

 

Нарын облусу:

 

  1.  

Ак-Талаа району,

Баетов айылы, З.Ашырбаев көч., 24

Н.Кулназаров атындагы райондук китепкана.

Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында

  1.  

Ат-Башы району,

Ат-Башы айылы, Омуракунов көч., 145

Б. Кыдыкеева атындагы Райондук китепкана.
РМА имаратынын 1-кабатында жайгашкан

  1.  

Нарын ш., Ленин көч., 33

 

С.Орозбаков атындагы облустук китепкана

  1.  

Нарын ш., Ленин көч., 76

«Нарын Жаштар Ордосу» Жаштар борбору обл. администрациянын имаратында жайгашкан

  1.  

Нарын району,

Миң-Булак айылы, У.Жаныбаев көч., 32

Айылдык китепкана

Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында жайгашкан

  1.  

Жумгал району

Чаек айылы , Матыев көч., 127

Жумгал районунун РМА,

2-кабатта

  1.  

Кочкор району

Кочкор айылы, Т.Усубалиев көч., 28/2

«Кочкор Жаштар борбору» Жаштар борбору

  1.  

Кочкор району

Кочкор айылы, С.Алиев көч., 11

 

И.Исаков атындагы Райондук китепкана

Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында жайгашкан

 

Талас облусу:

 

  1.  

Талас району

Көк-Ой айылы, Ленин көч., 270

Райондук китепкана

  1.  

Бакай-Ата району,

Бакай-Ата айылы, Манас көч., 82.

Райондук китепкана

  1.  

Кара-Буура району,

Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., № 18

Жаштар борбору

  1.  

Талас ш., Ч.Айтматов көч., № 353

Облустук китепкана

  1.  

Манас району,

Покровка айылы, Б.Чойбеков көч., 19.

Лицей

 

Баткен облусу:

 

  1.  

Лейлек району

Кулунду айылы, Ч. Айтматов көч., 56

Жаштар борбору

  1.  

Лейлек району

Раззаков ш., И. Раззаков көч., 21

Жаштар борбору

  1.  

Сүлүктү ш., И.Раззаков көч., 109

Шаардык китепкана

  1.  

Баткен ш., Садыков көч., 4а

Облустук китепкана

  1.  

Баткен району, Актатыр а/ө

Актатыр айылы, Тургунбай Сыдыков көч., 119

ЖӨБ имараты

 

  1.  

с. Самаркандек

ЖӨБО имараты

  1.  

Кадамжай ш., Р.Абдыкадыров көч., 16

Райондук китепкана. Ж.Мамажанов атындагы МҮнүн имараты

  1.  

Кадамжай району

Айдаркен ш.,, Кыргызстан көч.,19

«Айдаркен» ЖБСББ

  1.  

Кызыл-Кыя ш., Жусубалиев көч., 85

Шаардык китепкана

 

Жалал-Абад облусу:

 

  1.  

Жалал-Абад ш., Ленин көч., 20

Облустук китепкана

  1.  

Сузак району,

Сузак айылы, Дакан-Палван көч., 9

Райондук китепкана Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында жайгашкан

  1.  

Көк-Жангак ш.,, Горняцкий көч., 1

Шаардык китепкана

  1.  

Базар-Коргон ш.,, Осмонов көч., 3

Райондук китепкана

  1.  

Базар-Коргон району,

Кызыл-Ай айылы, С.Досов көч., 156

Сайдыкум айыл аймагы, айыл өкмөтүнүн имараты,

  1.  

Кара-Көл ш.,, Сабиров көч., 106/7

Шаардык китепкана

  1.  

Токтогул району

Токтогул ш., Суеркулов көч., 2

Райондук китепкана Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында жайгашкан

  1.  

Таш-Көмүр ш., Сыдыков көч., н/ж

ориентири - Таш- Көмүр мэриясы

Шаардык китепкана окуу залында жайгашкан

  1.  

Майлуу-Суу ш., Ленин көч., 50

Жаштар борбору

  1.  

Ала-Бука району,

Ала-Бука айылы, Ибраимов көч., 67

Райондук китепкана Маданият үйүнүн имаратынын 2-кабатында жайгашкан

  1.  

Аксы район

Кербен ш., Ныязалы көч., №58

А.Алымов атындагы Маданият үйү.

Райондук китепкана 1-кабатта окуу залында жайгашкан

  1.  

Чаткал району, Каныш -Кыя айылы, Т.Айдаров көч., №18

Райондук китепкана Маданият үйүнүн имаратынын 1-кабатында жайгашкан

  1.  

Ноокен району,

Масы айылы, Ленин көч., 15

Райондук китепкана

  1.  

Тогуз-Торо району, Казарман айылы

Тогуз-Торо райондук Ч. Айтматов атындагы

борборлошкон китепкана түйүнү.

Маданият үйү, чакан зал

 

Ысык-Көл облусу:

 

  1.  

Жети-Өгүз району

Кызыл-Суу айылы, Манас көч., 192

Райондук китепкана, 2-кабатта жайгашкан

  1.  

Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Ленин көч., 122

Айылдык китепкана

 

  1.  

Тоң району,

Бөкөнбаев айылы, Ленин көч., №39

Райондук китепкана

  1.  

Ак-Суу району, Теплоключенка айылы,

Кыдыр Аке көч., 54

Райондук китепкана

  1.  

Түп району, Түп айылы, Боромбай көч., 56

Райондук китепкана

  1.  

Каракол ш., Абдрахманов көч., 136

Шаардык китепкана

 

  1.  

Балыкчы ш., Ж.Аманбаев көч., 103б

Жаштар борбору

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>