Башкы Жаңылыктар Саясий билим берүү боюнча семинар болуп өттү

Саясий билим берүү боюнча семинар болуп өттү

15-Мар, 2023

2023-жылы 14-мартта Фридрих Эберт атындагы Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркасында эл аралык экспертти чакыруу менен КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору уюштурган «ЖМК жана анын саясий эркти калыптандырууда таасири Германия менен Кыргызстандын мисалында» деген темада саясий билим берүү боюнча семинар болуп өттү.

КР БШК төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев жана Фридрих Эберт атындагы Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Региондогу директору Филип К. Ян учурдагы медиа мейкиндикте жарандарга анык маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эл аралык эксперт, Берлиндеги Прикладдык илимдер университетинин массмедиа, коммуникация жана экономика Жогорку мектебинин журналистика боюнча профессору Маркус Цинер ЖМКнын өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары менен ой бөлүштү.

Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жана процесстерди объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында чагылдыруу азыркы кездеги ЖМКнын негизги милдети болуп саналат. Бирок учурдагы санариптик медиа салттуу басма басылмаларын жана теле көрсөтүүнүн ордун бара-бара ээлеп бараткандыгы байкалууда.

Айрыкча Интернет, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер коммуникация жана калкка маалымдоо ыкмаларын кандайча алмаштырып жатканы тууралуу катышуучуларга айтып беришти.

Көз карандысыз медиаэксперт Семетей Аманбеков Кыргыз Республикасынын шайлоо процессиндеги ЖМКнын ролу, анын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жана жоопкерчилиги тууралуу айтып берди.

Азыркы дүйнөдөгү саясий процесстерди ролу жана мааниси талашсыз ЖМКдан бөлүп кароого болбойт. Шайлоо процессинин субъекти болуп саналуу менен ЖМК шайлоо өнөктүгүнүн убагында чечүүчү роль ойнойт.

Семетей Аманбеков саясий көп түрдүүлүктүн жана көп партиялуулуктун шартында шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашы үчүн талапкерлер жана шайлоо процесси тууралуу толук кабардар болуусу канчалык зарыл экендиги жөнүндө айтып берди. Ошол эле учурда шайлоо мезгилинде маалымдоонун, үгүттөөнүн жана аналиткалык материалдардын ара салмагын сактоо ЖМК үчүн кандай маанилүү экендиги белгиленди.

Иш-чарага БШК мүчөлөрү, журналисттер, көз карандысыз медиаэксперттер, Баласагын атындагы КУУнун, К. Карасаев атындагы БГУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты.

Катышуучулар спикерлерге учурдагы медиа мейкиндикте журналисттин ролу, Германияда жана Кыргызстанда социалдык түйүндөрдү укуктук жактан жөнгө салуу тууралуу ж.б. өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

Спикерлер өз кезегинде келечектеги журналисттерге өз кеңеш, сунуштарын айтышты.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>