Башкы Жаңылыктар КР БШК Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр …

КР БШК Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү

06-Мар, 2023

28-февралда жана 1-мартта КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлооөтүүчү Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууга КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова, БШК мүчөсү А. Дубанбаева, Баткен районунун акими У. Жоробаев, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Байзаков, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сабиров, айылдыккеңештердин депутаттары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

БШК төрагасы алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана аны даярдоонун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Жергиликтүү тургундаршайлоо этаптары, талапкерлерди көрсөтүү жанакаттоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүэрежелери, КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат алышты.

Электрондук добуш берүүнүн жол-жоболору жана электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизүү тартиби Самаркандек айыл аймагынын тургундары менен жолугушуунун башкы темасы болду. КР ПрезидентининЖарлыгын аткаруу үчүн БШК электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо үчүнБаткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешин аныктады.

1) Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылынын тургундары шайлоодо аралыгы 12 км аралыкта жайгашкан Көк-Таш айылындагы №8063 шайлоо участогуна барып добуш берип жаткандыктан, айылды жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө Миң-Булак айылынынтургундарынан кайрылуу келип түштү.

(*БШКнын 04.03.2023-ж. токтому менен Миң-Булак айылында жаңы шайлоо участогу ачылды – БШКнын маалымат бөлүмү).

2) Ак-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо дагы электрондук добуш берүүнүколдонуу жөнүндө Ак-Сай айыл аймагынын тургундарынан сунуш келип түштү.

(*БШКнын 07.03.2023-ж. токтому менен Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештериншайлоодо дагы электрондук добуш берүүнү апробациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды).

3) Тургундар Баткен районунун Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылган адамдар өтө көп болгондуктан шайлоочулардын тизмесине киргизүү, жашаган жерин каттоо жөнүндө маалыматтарды паспорттун чибине актуалдаштыруу үчүн жашаган жерин өз убагында каттоодо, кайра каттоодо, паспорт алмаштырууда, биометрикалык каттоодон өтүүдө ж.б. маселелердекыйынчылыкка дуушар болуп жатышканытууралуу маалымат беришти.

(*СӨМ менен КР БШКнын мобилдик топтору4-10-март күндөрү шайлоонун алкагында Баткен районунда КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөрү жана маалыматтык иш боюнчакөчмө иштерин жүргүздү).

4) Таш-Тумшук айылынын тургундары өзүнчө 2019-жылдагыдай Таш-Тумшук шайлоо округун(№8198 УШК) түзүү жөнүндө маселе мененкайрылышты (*шайлоочуларды каттоону тактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында округ ачуу үчүн негиздер жетишсиз деп табылды).

Жолугушуунун соңунда БШК төрагасыСамаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айылаймактарынын тургундарын шайлоого жигердүү катышууга жана алардын кызыкчылыктарын мыкты коргогон талапкерлерди тандоого чакырды.

Маалымат үчүн: Электрондук добуш берүүгө шайлоочулар – шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ар кандай себептер менен аймактардын чегинен тышкары жерлерде жүргөн жана участокто добуш берүүгө катышууга мүмкүнчүлүктөрү жок айылдык кеңештин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүкатыша алышат.

Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) мыйзамдарга ылайык идентификациядан жана авторлоштуруудан өтүп, тиешелүү шайлоо комиссиясына арыз берүүгө же «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат.

Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочунун төмөнкүлөрү болушу керек:

- “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталында колдонуудагы эсепке алынуучу каттоосу;

- булуттук электрондук кол тамгасы;

- Интернет түйүнүнө кирүү мүмкүнчүлүгү менен мобилдик түзүлүшү же персоналдык компьютери;

- атайын тиркемеси.

Жарандар электрондук кол тамганы Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарындагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан, ошондой эле Баткен ш. КТБ (ЦОН) алса болот.

Маалымат алуу үчүн телефондор: 1255, 66 02 40.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>