Башкы Жаңылыктар Самаркандекте саны боюнча 71-Жарандык жана санариптик билим берүү …

Самаркандекте саны боюнча 71-Жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды

05-Мар, 2023

2023-жылы 28-февралда Самаркандек айыл аймагынын тургандары үчүн Жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды.

Борбордун ачылышына КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова,  БШК мүчөсү А. Дубанбаева, Баткен районунун акими У. Жоробаев, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Байзаков,  ошондой эле ушул айыл аймагынын тургундары катышты.

Борбордун ачылышынын жүрүшүндө КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Самаркандек айыл өкмөтүнүн ортосунда жарандар үчүн жарандык жана санариптик билим берүүнү алга жылдырууга багытталган ар түрдүү форматтардагы биргелешкен аракеттер жана иш-чаралар боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум кол коюлду.

Самаркандекте жаңы Борбордун ачылышы 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо катары өткөрүлө тургандыгына дагы байланыштуу, бул жерде электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн санариптик көндүмдөр жана булуттук электрондук кол тамга талап кылынат.

Борбордо күн сайын “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелери үйрөтүлүп, булуттук электрондук кол тамга (БЭК) акысыз берилет. Тургундар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу менен өз маалымкаттарын жана документтерин кагазга басып чыгара алышат. Борбордо интернет, зум, компьютердик жабдуулар жеткиликтүү.

“Самаркандектеги Жарандык жана санариптик билим берүү боюнча жаңы Борбор тургундар тарабынан жигердүү пайдаланылат жана санарип доорунда зарыл билимдер менен көндүмдөргө ээ болууга жардамдашат деп ишенебиз”, - деп белгиледи БШК төрагасы.

Борбордун жарандардын бардык категорияларына багытталган, анын ичинде улгайган адамдар, жаштар, аялдар жана ДМЧАлар үчүн атайын программалар болот. Борбор жарандык жана санариптик багыттагы темалардын кеңии спектри боюнча иш жүргүзөт.

Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылышы Самаркандек айыл аймагы үчүн маанилүү окуя болуп калды. Ал тургундарга билимдер менен көндүмдөргө ээ болууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, коворкингдин, иштин ар түрдүү чөйрөсүндөгү өкүлдөрдүн жакындашуусунун жана тажрыйба алмашуусунун дагы борбору болуп калмакчы.

Жарандык жана санариптик билим берүү борбору төмөнкү даректе жайгашкан: Баткен облусунун Баткен  районунун Самаркандек айылы, И. Раззаков көч., 8, Самаркандек айыл өкмөтү (ЖжСББ)

Маалымат үчүн:

2022-жылдын октябрынан тартып бардык аймактарда ачылган Жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбордо күн сайын мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелери үйрөнүп, электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) алса болот.

Бул – маанилүү! Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Сиз  электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) алсаңыз болот. ЭСК акысыз берилет. Санариптик кол тамга толук укуктук күчкө ээ жана “кол менен коюлган кол тамганын” эквиваленти болуп саналат. Ал жеке жактарга аралыкта өз ара аракеттешүүгө,  мамлекеттик органдарга электрондук түрдө отчёт тапшырууга, укуктук жактан маанилүү документтерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жарандар ЭСК аркылуу идентификациялоонун Бирдиктүү тутумуна кире алышат, ал тутум аркылуу электрондук түрдө  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышат.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>