Башкы Жаңылыктар КР БШК мүчөлөрү алдыдагы жергиликтүү шайлоого байланыштуу Ош, …

КР БШК мүчөлөрү алдыдагы жергиликтүү шайлоого байланыштуу Ош, Талас, Чүй жана Нарын облустарынын айыл аймактарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү

05-Мар, 2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.

Айылдык кеңештер боюнча шайлоочулардын, округдардын жана участоктордун саны тууралуу маалымат менен төмөнкү таблицадан тааныша аласыз бул жерден                      

Маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү максатында 2023-жылдын 24-28-февраль күндөрү КР БШК мүчөлөрү айыл аймактарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

БШК мүчөсү, Ош облусунун куратору У. Жылкыбаев Ош облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:

- Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагы;

- Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагы; 

- Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагы;

- Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагы.

БШК мүчөсү, Талас облусунун куратору А. Дубанбаева Талас облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:

- Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айыл аймактары.

БШК мүчөсү, Чүй облусунун куратору А. Бекматов Чүй облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:

- Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагы;

- Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл аймагы.

Ошондой эле, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушуунун катышуучуларына алдыдагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Жогоруда аталган айылдык кеңештерде шайлоо айылдык кеңештин ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырууну колдонуу,  шайлоо күрөөсүн – 1000 сом төгүү,  талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын берүүсү, талапкердин паспортук маалыматын, «Электрондук талапкер» тутуму аркылуу билими, соттолгондугу, жарандыгы тууралуу маалымат берүүсү менен алгач ирет өткөрүлөт.

9-мартта айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана зарыл документтерди тапшыруу аяктады, 2023-жылдын 20-мартына чейин талапкерлердин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугу текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.

КР БШК мүчөлөрү шайлоо этаптары, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоонун натыйжаларын аныктоо, КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти.

Шайлоочулардын тизмесин тактоого айрыкча көңүл бурулду. 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесинен шайлоочу өзү тууралуу маалыматты тактаса болот:

- 1255 же 119 кыска номерлерине телефон чалуу менен;

- «tizme.gov.kg» сайтында;

- шайлоо участогунда;

- өзүнүн паспортундагы жеке идентификациялык номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп менен.

Шайлоо мыйзамдарын бузулган учурда жарандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

- кыска номер – 1255;

- WhatsApp номерлери:  0990 02- 12- 55; 0(502) 00-12-55;

- ишеним телефону – 0 312 62-63-24;

- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.

КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 66-02-40

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>