КР БШК мүчөлөрү алдыдагы жергиликтүү шайлоого байланыштуу Ош, Талас, Чүй жана Нарын облустарынын айыл аймактарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү
05 марта 2023
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.
Айылдык кеңештер боюнча шайлоочулардын, округдардын жана участоктордун саны тууралуу маалымат менен төмөнкү таблицадан тааныша аласыз бул жерден
Маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү максатында 2023-жылдын 24-28-февраль күндөрү КР БШК мүчөлөрү айыл аймактарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.
БШК мүчөсү, Ош облусунун куратору У. Жылкыбаев Ош облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:
- Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагы;
- Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагы;
- Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагы;
- Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагы.
БШК мүчөсү, Талас облусунун куратору А. Дубанбаева Талас облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:
- Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айыл аймактары.
БШК мүчөсү, Чүй облусунун куратору А. Бекматов Чүй облусу боюнча төмөнкү айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү:
- Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагы;
- Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл аймагы.
Ошондой эле, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушуунун катышуучуларына алдыдагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Жогоруда аталган айылдык кеңештерде шайлоо айылдык кеңештин ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырууну колдонуу, шайлоо күрөөсүн – 1000 сом төгүү, талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын берүүсү, талапкердин паспортук маалыматын, «Электрондук талапкер» тутуму аркылуу билими, соттолгондугу, жарандыгы тууралуу маалымат берүүсү менен алгач ирет өткөрүлөт.
9-мартта айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана зарыл документтерди тапшыруу аяктады, 2023-жылдын 20-мартына чейин талапкерлердин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугу текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.
КР БШК мүчөлөрү шайлоо этаптары, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоонун натыйжаларын аныктоо, КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти.
Шайлоочулардын тизмесин тактоого айрыкча көңүл бурулду. 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесинен шайлоочу өзү тууралуу маалыматты тактаса болот:
- 1255 же 119 кыска номерлерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүнүн паспортундагы жеке идентификациялык номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп менен.
Шайлоо мыйзамдарын бузулган учурда жарандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:
- кыска номер – 1255;
- WhatsApp номерлери: 0990 02- 12- 55; 0(502) 00-12-55;
- ишеним телефону – 0 312 62-63-24;
- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.
КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 66-02-40