КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

08 марта 2023

Кымбатуу айымдар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт!

Жаз менен жарыша келген ушул куттуу майрам аялдарга болгон терең урмат-сыйды билдирип, эң жакындарына мээримин гана тѳкпѳстѳн, ѳзү аркалаган кесибинин бийиктигине жетип,   коомдун ѳнүгүшү жана ѳлкѳнүн тагдыры үчүн бийик жооперчиликти алып жүргѳн аялзатына терең урматтоону айгинелеп турат.

Биздин өлкөнүн саясий, экономика жана социалдык чөйрөлөрүндөгү өнүктүрүү процесстерине айымдар жигердүү катышуу менен талыкпай эмгектенип келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай, гүлдөп-өнүгүү жана иштерине жаңы ийгиликтерди каалайт.