Башкы Жаңылыктар БШК менен СӨМ жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү Самаркандек, …

БШК менен СӨМ жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын тургундарына жер-жерлерде КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 2 мобилдик топ уюштурду

04-Мар, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын тургундарына жер-жерлерде КТБ (ЦОН) кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 2 мобилдик топ уюштурду.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова 28-февралда жана 1- мартта Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү калк Баткен районунун Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылган адамдар өтө көп болгондуктан шайлоочулардын тизмесине киргизүү, жашаган жерин каттоо жөнүндө маалыматтарды паспорттун чибине актуалдаштыруу үчүн жашаган жерин өз убагында каттоодо, кайра каттоодо, паспорт алмаштырууда, биометрикалык каттоодон өтүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатышканын айтышты.

Ушуга байланыштуу 5 адистен турган, анын ичинде БШК кызматкерлери бар 2 мобилдик топ уюштурду, ал 4-10-март күндөрү биометрикалык маалыматтарды каттоо, паспорт алмаштыруу үчүн документтерди кабыл алуу, туруктуу жашаган жери боюнча каттоо, булуттук электрондук кол тамга алуу боюнча кызмат көрсөтүшөт.

Мобилдик КТБларда (ЦОН) ошондой эле БШК кызматкерлеринен алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө маалымат алса болот.

Мобилдик топтордун Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн айылдарына баруу графиги

№

Айыл аймагынын аталышы

Айылдын аталышы

Датасы

Мобилдик топтун баруу убактысы

Эскертүү

Биринчи мобилдик топ

1

Ак-Сай

Ак-Сай

2023-ж. 4, 6, 9-марты

10:00 – 12:00

 

Ак-Сай

Үч-Дөбө

2023-ж. 4, 6, 9-марты

12:30 – 14:30

Ак-Сай

Таш-Тумшук

2023-ж. 4, 6, 9-марты

15:00 – 17:00

2

Самаркандек

Миң-Өрүк

2023-ж. 5, 7, 10-марты

10:00 – 12:00

 

Ак-Сай

Миң-Булак

2023-ж. 5, 7, 10-марты

12:30 – 14:30

Ак-Сай

Көк-Таш

2023-ж. 5, 7, 10-марты

15:00 – 17:00

Экинчи мобилдик топ

1

Самаркандек

Самаркандек

2023-ж. 4, 6, 9-марты

10:00 – 12:00

 

Самаркандек

Орто-Сай

2023-ж. 4, 6, 9-марты

12:30 – 14:30

Самаркандек

Паскы-Арык

2023-ж. 4, 6, 9-марты

15:00 – 17:00

2

Самаркандек

Жаңы-Бак

2023-ж. 5, 7, 10-марты

10:00 – 12:00

 

Ак-Татыр

Орто-Боз

2023-ж. 5, 7, 10-марты

12:00 – 14:00

Ак-Татыр

Ак-Татыр

2023-ж. 5, 7, 10-марты

14:00 – 16:00

Ак-Татыр

Рават

2023-ж. 5, 7, 10-марты

16:00 – 18:00

Байланышуу үчүн телефон номерлери:

Координатор – Кожокеева Махабат Дуйшенбековна, КР БШК аппаратынын шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы, 0707017153;

Колдошов Алишер Камбарович, БШКнын Баткен шаардык, Баткен АШКдагы атайын өкүлү, 0777447979;

Хамраев Абдували Набиевич, БШКнын Лейлек, Сүлүктү АШКдагы атайын өкүлү, 0779015510;

Исманов Руслан Таалайбекович, КР БШК аппаратынын МШТны башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмүнүн эксперти, 0505805809

Айтбаев Бахабидин Ташполотович, Баткен АШК төрагасы, 0558328565

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>