Башкы Жаңылыктар БШК Ак-Сай айыл аймагынын №8063 шайлоо участогунун схемаларына …

БШК Ак-Сай айыл аймагынын №8063 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизип, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылында жаңы шайлоо участогун түздү.

04-Мар, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы жыйынында Ак-Сай айыл аймагынын №8063 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр киргизилип, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын  Миң-Булак айылында жаңы шайлоо участогу түзүлдү.

Токтом Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде , Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун алкагында кабыл алынды.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы өз кайрылуусунда Миң-Булак айылынын тургундары Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы №8063 шайлоо участогуна шайлоодо добуш берип жатканын белгиледи. Көк-Таш менен Миң-Булак айылдарынын аралыгы 12 км. Ушуга байланыштуу Миң-Булак айылынын шайлоочулары шайлоодо кээ бир  кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Ошол эле учурда Миң-Булак айылында добуш берүүнү уюштуруу үчүн тиешелүү бөлмө жана шарттар түзүлгөн.

№8063 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына жана №8219 жаңы шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына  өзгөртүүлөр  Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы, Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалы менен биргеликте иштелип чыгып, КР БШКнын кароосуна жана бекитүүсүнө сунушталган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык добуш берүү жана добуштарды эсептөө үчүн шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү максатында шайлоо участоктору жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.

№8219 жаңы шайлоо участогу Миң-Булак айылында, «Миң-Булак» жалпы билим берүү мектебинин имаратында, дареги: Н.Боронбаева, 17 көчөсүндө жайгашат.

№2 Көк-Таш шайлоо округунун схемасы жана чек аралары өзгөрбөйт.

Жаңыдан түзүлгөн №8219 шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмеси шайлоо округунун чегинде каттосу бар жана Миң-Булак айылынын аймагында каттоосу жок жашаган адамдардын ичинен түзүлөт.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Миң-Булак айылындагы №8219 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте  жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкасынын дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

КР БШКнын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>