КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Жаш жарандын мектеби иштеп жатат.
КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Жаш жарандын мектебине катышуу үчүн жащтарды чакырат, ошондой эле 2023-жылы окуу жайларын жана кызыктар тараптарды казматташууга чакырат.
Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдун студенттери жана жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучулары үчүн маалыматтык-агартуучулук иш-чаралары ѳткѳрүлѳт, иш-чаралар жаштардын ѳлкѳдѳ ак-ниет башкарууга жана туруктуу ѳнүгүүгѳ таасир берүүчү демократиялык институт, коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоону аңдап түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган.
Жаштар үчүн «Жаран жана мамлекет» деген темада лекциялар ѳткѳрүлүп, коомдун саясий системасында мамлекеттин ролу жана орду, Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги саясий укуктарына кирген шайлоо укуктары, жаңы шайлоо системасынын ѳзгѳчѳлүктѳрү, шайлоо органдарынын ыйгарым укуктары жана функциялары түшүндүрүлүп берилет.
Жаш адам толук ѳлчѳмдѳ ѳзүнүн укуктарын пайдаланып, ѳзүнүн милдеттерин аткара билүүсү үчүн шайлоолордун ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлѳт.
Жаштар ошондой эле Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышып, парламенттин иштеши жана тарыхы менен таанышып, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушат.
|
Биле жүрүү кызык!
Бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин структурасында жаш шайлоочулардын үлүшү - 32%, бул 1 201 533 адамды түзѳт. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо болгону алардын 246 803 адамы катышкан, бул 20,5 % түзѳт.
|