Башкы Жаңылыктар 9-декабрь – коррупция менен күрѳшүнүн эл аралык күнү

9-декабрь – коррупция менен күрѳшүнүн эл аралык күнү

09-Дек, 2022

БШКда коррупция менен күрѳшүнүн эл аралык күнүнѳ карата 9-декабрда БШКнын жарандык билим берүү борбору менен ѳз ара аракетте уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин (мындан ары – АИК) конференциясы болуп ѳттү.

Конференциянын алдында 1-декабрдан 8-декабрда республиканын бардык жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калк, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн жарандык билим берүүнүн алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, сот системасы жана прокуратура органдары чѳйрѳсүндѳ коррупция менен күрѳшүүнүн маселелерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык-агартуу иш-чаралары ѳткѳрүлдү.

Конференцияга АИКтин мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ЖМК катышты. Онлайн форматында конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, «Агроѳнѳржай комплексин ѳнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин, «КР ИИМ коомдук кеңеши» коомдук бирикмесинин жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын ѳкүлдѳрү кошулушту.

АИКтин башкы катчысы Н. Муканова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында коррупциянын деңгээли боюнча жүргүзүлгѳн социологиялык сурамжылоонун натыйжалары менен конференциянын катышуучуларын тааныштырды.

Сурамжылоонун резиденттеринин пикири боюнча, коррупциянын жогорку деңгээли билим берүү, медицина, маданият, сот системасы, айыл ѳкмѳтү тутумдарында белгиленди. Мындай кѳрсѳткүчтѳр коррупциянын деңгээлин тѳмѳндѳтүү үчүн мамлекеттик органдар превентивдүү чараларды кабыл алып, ѳлкѳдѳ мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында коррупциянын алдын алуу боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн кѳрсѳтүүдѳ.

Конференциянын жүрүршүндѳ БШКнын, Башкы прокуратуранын, Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрү ѳздѳрүнүн чѳйрѳлѳрүндѳ коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жѳнүндѳ катышуучуларды тааныштырышты.

Жарандык жана санариптик билим берүүнүн бардык облустук борборлорунда онлайн кошулуулар жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын ѳкүлдѳрү ар түрдүү деңгээлде ѳткѳрүлүп жаткан коррупцияга каршы иш-чаралардын мааниси жѳнүндѳ сѳз кылышып, коррупцияга каршы иштерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тартылуусу арбып жаткандыгын белгилешти.

Конференцияны жыйынтыктап жатып АИКтин башкы катчысы 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатын жүзѳгѳ ашыруу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын талкуулоо боюнча мамлекеттик органдардын иштеринин жыйынтыгын белгиледи. БШКнын, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы иш-аракеттеринин планы ѳзгѳчѳ белгиленди.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>