Башкы Жаңылыктар БШКда Адам укугу күнү!

БШКда Адам укугу күнү!

09-Дек, 2022

БУУ Башкы Ассамблеясынын сунушу боюнча жыл сайын 10-декабрда бүткүл дүйнѳдѳ Адам укугунун күнү белгиленет. Ушул күнү 1948-жылы БУУ Башкы Ассамблеясы адам укугунун жалпы декларациясын кабыл алган.

2022-жылдын 8-декбарында Адам укугу күнүнүн урматына Ж. Баласагын КУУнун, Манас Кыргыз-Түрк университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин ж.б. студенттери үчүн КР БШКнын жарандык билим берүү борбору тарабынан бир катар иш-чаралар ѳткѳрүлдү.

Жаш жарандын мектебинин алкагында студенттер «Жаран. Мамлекет. Шайлоолор» темасында лекцияларды угушту. Жаштарга адам укугунун тутумунда ѳзгѳчѳ мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги саясий укуктарынын бири болуп саналган шайлоо укуктары тууралуу баяндап беришти. КР Конститутциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары ѳз бийлигин түздѳн түз шайлоолордо жана референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын системасында ишке ашырышат.

Ошентип шайлоолор адам укуктары корголгон жана ишке ашырыган чѳйрѳнүн зарыл жана негизги түпкүлүктүү компоненти болуп саналат.

Шайлануучу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мисалында лекцияларда болуп ѳткѳн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралаш шайлоо системасынын негизги жоболору ачып берилди. Катышуучулар үчүн шайлоолордун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо технологиясынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлдү.

Бүткүл республика боюнча шайлолочулардын тизмесинин түзүмүндѳ жаш шайлоочулардын үлүшү 32% болгондугун, бул 1 201 533 адамды түзѳрүн белгилѳѳ зарыл. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын болгону 246 803 адамы катышты, бул 20,5% түзгѳн.

Студенттер жащтардын шайлоого катышуусунун зарылдыгына ынанышты, анткени бардык жаш шайлоочулардын жок дегенде жарымысынын катышуусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этерине кѳздѳрү жетишти. БШК жаштарды келечекте шайлоого активдүү катышууга чакырды!

КР Жогорку Кеңешине жасалган экскурсия иш-чаранын практикалык бир бѳлүгү болду. Студенттер Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына катышуу, парламенттин иши жана тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Жаштар депутат Э. Кѳкүлов менен жолугушту, шайлоо жана инсандык ѳсүү темасында суроо беришип жооп алышты. Өз кезегинде КР ЖК депутаты мамлекеттин турмушунда активдүү болуп, жаштарды ѳз тармагында активдүү болууга чакырды.

КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаштарды Жаш жарандын мектебине катышууга, ошондой эле окуу жайына чакырат жана кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат.

Пайда болгон суроолор боюнча 1255, +312 620171 телефонго же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтага кайрылса болот.

 

КР БШК алдындагы жарандык билим берүү

жана шайлоо технологиялары борбору

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>