Башкы Жаңылыктар Майыптардын эл аралык күнү: биз баарыбыз ар кандайбыз …

Майыптардын эл аралык күнү: биз баарыбыз ар кандайбыз -  бирок укуктарыбыз бирдей!

05-Дек, 2022

Бүгүн БУУ БА 1992-жылы жарыя кылган майыптардын Эл аралык күнүнѳ – 3-декабрга арналган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жыйыны болуп ѳттү.

Майыптыгы бар адамдарды кошуп алганда ѳзүнүн бардык мүчѳлѳрүн кошпой туруп күчтүү коом куруу мүмкүн эмес. Демократиялык коомдо ар бир жарандын үнүн угуу ѳтѳ маанилүү. Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгү жана ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселеси ѳзгѳчѳ маанилүү.

Жумушчу топтун жыйынында 2023-жылдагы иш-аракеттин планы талкууланды, мыйзамдарды ѳркүндѳтүү, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана пандустардын сапатын жогорулатуу, активдүү, ошондой эле пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу жаатында майып адамдардын күч-кубатын кѳтѳрүү, маалыматтык жана жарандык билим берүүнүн жаңы форматтарын пайдалануу менен маалымдуулукту жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

КР ЖК депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү учурунда кызматкерлер Сall-center жайында майыптыгы бар адамдар менен иштиктүү иш алып баргандыгы жана мындай иштер келечекте улантыла тургандыгы белгиленди.

БШК майыптыгы бар адамдардын ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун активдештирүү үчүн алардын кубат-демин жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуудагы биргелешкен иштери жана кошкон салымы үчүн  ПРООН, ОБСЕ, IFES жана «Эгль» КФ ѳңдүү ѳнѳктѳштѳрүнѳ ыраазычылык билдирди.

Биргелешкен долбоордун алкагында Улуттук тарых музейинде коворкинг борборун  түзүү тууралуу сунуш колдоого алынды, ал жерде майыптыгы бар  адамдардын инклюзивдүү ѳсүшү үчүн шарт түзүүгѳ, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын проблемасына коомдун кѳңүлүн бурдурууга жана маалдымдуулукту жогорулатууга мүмкүн болор эле.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары жѳнүндѳ БУУнун конвенциясы Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №34 мыйзамы менен ратификациялангандыгын белгилѳѳ зарыл, ага ылайык катышкан мамлекеттер майыптыгы бар адамдардын саясий укуктарды жана башкалар менен бир катарда эле ал укуктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт жана тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттенет:

- майыптыгы бар адамдардын тике же эркин тандап алган ѳкүлдѳрү аркылуу башкалар менен бирдей эле саясий жана коомдук турмушка натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусун, анын ичинде добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болуусун  камсыз кылыт;

- майыптыгы бар адамдарды дискриминацияланбай жана башкалардай эле мамлекеттик иштерди башкарууга натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусу үчүн шарттарды түзѳѳгѳ жана алардын мамлекеттик иштерге катышуусун кеңейтүүгѳ активдүү кѳмѳктѳшѳт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>