Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинде коррупцияга каршы чаралар

Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинде коррупцияга каршы чаралар

02-Дек, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2023-2025 жылдарда КР БШКнын аракеттеринин коррупцияга каршы стратегиялык планынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп ѳттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коррупцияга каршы иштиктүү кеңештин (ККИК) башкы катчысы Н. Муканова, мамлекеттик бийлик органдарынын ѳкүлдѳрү, мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулар, БШКнын мүчѳлѳрү жана аппараты катышты.

ККИКнын башкы катчысы Н. Муканова 2023-2025 жылдарда Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясын баяндоо менен Кыргыз Республикасында социалдык-психологиялык, саясий-экономикалык, технологиялык мамилелер сыяктуу эле коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди уюштуруунун маанилүү жагдайларын, ошондой коррупцияларга каршы олуттуу милдеттерди жана аларды чечүүнүн чараларын бѳлүп кѳрсѳттү.

БШКнын тѳрагасы шайлоо системасына жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында кабыл алынган бардык чаралар иш жүзүндѳ коррупцияга каршы мүнѳзѳ ээ экендигин белгиледи. Шайлоолор аркылуу жогорку кызмат адамдары жана бийлик органдары – Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары түзүлѳт жана легитимдештирилет. Ошондуктан бийлик системасында жана башкарууда коррупцияны болтурбай коюу үчүн аларды түзүү этабында эле шайлоодо – бийлик органдарын жана кызмат адамдарын шайлоодо коррупцияга бѳгѳт коюу маанилүү.

Шайлоонун жыйынтыгын эсептѳѳдѳ тике бурмалоолор жана тигил же бул талапкердин кызыкчылыгында бир нече ирет добуш берүү мүмкүнчүлүгү референдум ѳткѳргѳнгѳ чейин шайлоолордо башкы коррупциялык кѳрүнүш болду.

Мамлекет бурмалоо мүмкүнчүлүгүн четтетүүгѳ мүмкүнчүлүк берген бир катар ыраттуу кардиналдуу чараларды кабыл алды – шайлоочулардын так эсебин (биометрия) жана добуштарды так эсептѳѳнү (АЭУ) камсыз кылган жаңы технологиялар киргизилди, толук ачык-айкындык камсыз кылынды, шайлоолорго жарандык контроль жүргүзүүнүн кеңири жабдыктары бар.

Шайлоонун жүрүршүндѳ добуштарды сатып алуулар жана административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалануулдар коррупциялык мүнѳздѳгү олуттуу бузуулар болуп саналат. Мына ушундай массалык түрдѳгү бузуулар 2020-жылдагы кризистин себептеринен болду, ошондуктан мамлекет кризистен кийинки жылдары мындай коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ каршы активдүү күч-аракетин жумшады.

2021-жылы болуп ѳткѳн бардык деңгээлдеги – президенттик, жергиликтүү жана парламенттик шайлоолордо администартивдик ресурстарды жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууларды жеңип ѳтүүдѳ олуттуу алга жылуулар болду. Бирок шайлоонун жүрүршүндѳ мындай бузууларды четтетүү үчүн кѳп иштерди аткаруу зарыл. Укуктук нормаларды ѳркүндѳтүү жана натыйжалуу укук колдонуу практикасын иштеп чыгуу боюнча чаралар пландаштырылууда. Бул үчүн, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоонун окуу программасына «Шайлоолор учурунда укук коргоо органдарынын ишин ѳзгѳчѳлүктѳрү» деген темады атайын курсту киргизүү сунуш кылынууда.

Реформа улантылууда, анткени анын ийгилиги реформа процессинде мамлекет кабыл алган укуктук, уюштуруучулук жана технологиялык чараларга гана эмес, ошондой эле анын ичинде укук маданиятынын жогорулашына, шайлоо процессинин алкагында кѳптѳгѳн субъекттердин ѳз ара мамилелеринин комплексине жараша болот. Бул баарыдан мурда шайлоочулар менен шайлоого катышкан талапкерлердин жана партиялардын ортосундагы ѳз ара мамилерлерге байланыштуу.

Шайлоолорго ишенимдин деңгээлин кѳтѳрүү жана шайлоого шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу иштин башкы максаты болуп саналат. Булар эки ѳз ара байланыштагы процесс. Жарандардын маалымат алуусун жана шайлоонун ролун аңдап түшүнүүсүн жакшыртуу, ага катышуу тартби, адам укугунун жана эркиндигинин, демократиянын баалуулугу жана жарандын жана мамлекеттин милдеттери боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү кампаниясын жайылтуу пландаштырылууда.

Бул үчүн БШК тарабынан мамлекеттик органдар менен тыкыс ѳз ара аракетте республикада жарандык жана санариптик билим берүүнүн (ЖСББ) 70 борбору түзүлдү.

БШКнын коррупцияга каршы планында ишке ашырылып жаткан мына мындай шайлоо системасынын чаралары белгиленген: Борбордук шайлоо комиссиясынын, саясий партиялардын, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин ортосунда технологиялык ѳз ара аркеттенүүнү, анын ичинде санариптештирүүнү жана инновацияны киргизүүнү ѳнүктүрүү; коррупциялык кѳрүнүштүн базалык экономикалык себептерин ачуу жана четтетүү, шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ченемдик укуктук актыларда коррупциялык нормаларды четтетүү, шайлоо мыйзамдарынын маселелери боюнча окутуучу иш-чараларды ѳткѳрүү.

Шайлоо процессинин субъекттери менен ѳз ара аракеттенүүдѳ шайлоо процессинде коррупцияга каршы механизмдерди жана технологияларды пайдаланууга олуттуу кѳңүл бурулган. Алсак, талапкерлердин маалыматтарын текшерүүдѳ, жана процесстин инклюзивдүүлүгүн жогорулатууда чыр-чатакты болтурбоо максатында талапкерлердин жана партиялардын ѳздѳрү тарабынан «Электрондук талапкер» системасы аркылуу талапкерлер жѳнүндѳ электрондук маалыматтар киргизилет, андан кийин «Түндүк» системасы аркылуу автоматтык түрдѳ текшерилет жана «Талапкер» сайтында чагылдырылат.

Шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ шайлоо фонддорунун бардык эсептерин накталай эмес тартипте жүргүзүү боюнча коррупцияга каршы чаралар жүзѳгѳ ашырылды. БШКнын сайтында автоматтык режимде шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы боюнча талапкерлердин бардык банкттык трансакциясы чагылдырылат.

Шайлоолордун каржылык ачык-айкындыгын ѳркүндѳтүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы, шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттардын пландалышы жана чыгашалар сметасынын даярдалышы боюнча автоматтык система (АИС) үчүн ПО иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аудит жүргүзүүнү пландаштырууда.

Коррупциялык кѳрүнүштѳрдү болтурбоо, шайлоо комиссияларынын ишинде мыйзамдулукту, ачыктыкты, кѳз карандысыздыкты, калыстыкты камсыз кылуу максатында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү мезгилинде шапйлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ сый акы тѳлѳѳ жѳнүндѳ «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР мыйзамынын нормалары киргизилген жана натыйжалуу иштѳѳдѳ «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР мыйзамы). Бул норма шайлоо комиссияларында сатып алуу механизмдерин четтетүүгѳ жана АШК жана УШК курамында жарандардын иштѳѳгѳ кызыгуусун жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Азыркы учурда БШКда түзүлгѳн ведомстворлор аралык жумушчу топтун алкагында (ВАЖТ) шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү багытында сунуштарды даярдоо боюнча иш жүргүзүлүүдѳ. ВАЖТнын ишине Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер катышууда. Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча чараларды талкуулоо тегерек столдун алкагында байкоочулардын сын-пикирлерин, жарандардан келип түшкѳн сунуштарды эске алуу менен ачык ѳткѳрүлѳт.

БШКнын ишинин стратегиялык планын талкуулоодо тегерек столдун катышуучулары шайлоо процессин реформалоо процессинде жана технологияларды ишке киргизүүдѳ башка органдардын – СӨМ, ИИМ МТББ кѳптѳгѳн ѳз ара байланыштуу электрондук системалары кошо ѳркүндѳтүлгѳндүгүн белгилешти. Билими жѳнүндѳ документтер тууралуу маалыматтар базасы кийинки шайлоого карата толук түрдѳ санариптештирлиши керектиги белгиленди. «Инфоком» МИ жана «Кадастр» ММ ѳкүлдѳрү жарандардын шайлоолорго катышуусунун эсебин жана шарттарын жакшыртуу максатында БШК менен биргелешип иштѳѳ алкагында конкреттүү чараларды сунуш кылышты.

Шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү шайлоо комиссиялары менен бардык мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын активдүү ѳз ара аракеттеринин предмети болуп саналары, ошондуктан планган киргизилген коррупцияга каршы кѳптѳгѳн иш-чаралар ошолор менен биргеликте, ошондой эле жарандык коом менен кызматташууда ѳткѳрүлѳрү белгиленди.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>