Башкы Жаңылыктар Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда IT кесиптерине …

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда IT кесиптерине онлайн окутуу башталат

01-Ноя, 2022

2022-жылы 10-ноябрдан тартып бардык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда жаңы замандын кесиптерин өздөштүрүүнү каалаган, бирок окуганга финансылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн КӨП ТАЛАП КЫЛЫНГАН IT КЕСИПТЕРИНЕ ОНЛАЙН ОКУТУУ башталат.

Улантуучу топтогулар үчүн курстар: SEO - SEARCH ENGINE OPTIMIZATION

Курс үч айга эсептелген. Курстун жүрүшүндө Сиз ачкыч сөздөр боюнча статистика чогултууга жардам берүүчү аспаптар менен таанышасыз, ошондой эле илгерилетүүнүн маңызы эмнеден тураарын жана SEO теги эмне экендигин биле аласыз, сайтты оптималдаштыруу, ачкыч сөздөрдү тандоо, түзүмдү иштеп чыгуу, ошондой эле Wordpress негизинде сайтты реконструкциялоо боюнча иш тажрыйбасына, керектүү базага ээ болосуз.

Курсту аяктагандан кийин Сиз издөө тутумдарынын иш принциптерин билесиз, сайт үчүн туура контент даярдоого, SEO тегини, Google статистиканы, SearchConsoleни, Яндекс метриканы кандай пайдалануу, керек аудитория үчүн өнүмдү кантип туура жеткизүү керек экендигин, Wordpressте сайтты башкарууну ж.б. үйрөнөсүз.

Курстун кыргыз тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:

Курстун орус тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:

ОКУТУУ КАНДАЙ ӨТӨТ?

Окутуу онлайн өтөт. Катышуучуларга окутуу платформасында курс боюнча видео сабактарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Окутуу үчүн убакытты катышуучу өзү тандайт, себеби платформадагы сабактар24/7 режиминде жеткиликтүү болот. Жума ичинде график боюнча 3 сабакка катышуу зарыл.

Катышуучу графикке ылайык видео сабакка катышат, үй тапшырманы аткарат жана платформаны жүктөйт. Мезгил-мезгили менен материалды өздөштүргөндүгүн текшерүү үчүн ортодо тестер жүргүзүлөт.

Күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин катышуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн ментор алар менен байланышта болот. Иш Telegramдагы чат-топтордо жүргүзүлөт.

Курстун соңунда курсту аяктагандар үчүн сынак өткөрүлөт жана сертификат берилет. Сертификат электрондук түрдө дагы болот, ошондой эле долбоордун катышуучуларынын курсту бүткөндүгүнө арналган ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнө дагы тапшырылышы мүмкүн.

Курстар Программалык камсыздоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдун Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ) тарабынан берилүүдө.

Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. аркылуу кайрылсаңыз болот жана 2022-жылдын 10-ноябрына чейин bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча каттала аласыз.

 

Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.

 


КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>