Башкы Жаңылыктар БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу …

БШК Майдан айылдык  кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти

17-Окт, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-октябрындагы жыйналышында 2022-жылы 9-октябрда болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык  кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай АШКнын протоколун бекитти.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 5 шайлоо округу түзүлүп, 5 шайлоо участогу уюштурулган.

 Майдан айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн калтырылган. 44 талапкер катталган, анын ичинде - 11 аял.

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 8120 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 3130 шайлоочу катышты, бул 38,55%ды түздү.

 Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.

Майдан  айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай АШК протоколуна ылайык баардыгы 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат - аял.

№1 Кара-Жыгач шайлоо округу (№8110 УШК, 6 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 2311 шайлоочу киргизилип, 771 (33,36%) шайлоочу катышты.

№2 Майдан шайлоо округу (№8111 УШК, 5 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1886 шайлоочу киргизилип, 685 (36,32%) шайлоочу катышты.

№3 Кароол шайлоо округу (№8112 УШК, 2 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 605 шайлоочу киргизилип, 347 (57,36%) шайлоочу катышты.

№4 Сары-Алтын шайлоо округу (№8153 УШК, 4 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1760 шайлоочу киргизилип, 690 (39,20%) шайлоочу катышты.

№5 Исамариям шайлоо округу (№8195 УШК, 4 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1558 шайлоочу киргизилип, 637 (40,89%) шайлоочу катышты.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын 3 күндүк мөөнөттө каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>