КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

21 сентября 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 21-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа, Нарын жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Марат уулу Сыймыктын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамышов Болотбек Сөлпүевичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Калдарбек уулу Абайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыжакыпов Фархадбек Султанбековичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаты Абдырахманов Улан Сейткасиевичтин (№4, Асыл Мурас Жаштар» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Байышов Бакытбек Сулумбековичке (№35, Асыл Мурас Жаштар» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү