КР БШКнын 2022 - жылы 15 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

14 сентября 2022

 

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 15 сентябрь

Убактысы: 14:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Зазаза З.Б. чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө

(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

4. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

5. «Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары үчүн жеке маалыматтарды коргоо боюнча усулдук колдонмо» жөнүндө

(баяндамачы – Акимбаев А., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)

6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси)

7. Ар түрдүү маселелер