Башкы Жаңылыктар КР БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык …

КР БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү

13-Сен, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровдун төрагалыгы менен Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Туллаев, Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими К. Шакиров, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатов, КР БШК аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т.Айтикеев, Кадамжай АШК төрагасы А. Жакипов, КР БШКнын Кадамжай АШКдагы атайын өкүлү Т.Арыков, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо, талапкерлердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ДМЧАлар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо, шайлоо участокторунун аймагында мыйзамдуулукту, коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланды.

БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын ар кандай бузуулардан баш тартып, ачык-айкын жана анык шайлоо өткөрүүгө салым кошууга чакырды.

Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик жана ЖӨБ органдары шайлоочулардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү жана шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн укуктук тең шарттарды түзүү максатында бардык чараларды көрүүгө тийиш.

Шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөктөшүү менен катар башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек.

Т. Шайназаров талапкерлердин кызыкчылыгына администрациялык ресурсту укук ченемсиз колдонууга жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы натыйжалуу чараларды көрүү жана ага жол бербөө укук коргоо органдарынын маанилүү жана артыкчылыктуу милдети катары белгиледи.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо максатында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясында Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу (ЫЧКТ) түзүлдү.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча ЫЧКТга жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү даректер аркылуу кайрылсаңыз болот:

- WhatsApp номуру: 0990 02- 12- 55; 0(502) 00-12-55;

- ишеним телефону: 0312 62-63-24;

- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.

Кадамжай АШКдагы ЫЧКТ төрагасы А. Жакипов – 0772145191.

Алдыдагы шайлоого карата 5 шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу түзүлгөн. Мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 41 адам, анын ичинен 11 аял талапкер катары көрсөтүлдү.

Учурда Майдан айылдык кеңеши боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 8 118 адамды түзүүдө, алдын ала тизмеге салыштырганда өсүш 42 шайлоочуну түздү. 2018-жылы өткөн шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 1511 адамга көбөйдү.

2022-жылдын 19-сентябрына чейин Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо улантылып жаткандыгы белгиленди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>