Башкы Жаңылыктар КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү …

КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча ири IT бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер менен меморандумдарга кол коюлду

06-Сен, 2022

 

КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүүнүн алкагында, КР БШК менен ири IT жана бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер, санариптик долбоорлор жана башка кызыкдар уюмдардын ортосунда аймактарда биргелешкен билим берүүчү жана агартуучулук иштерди алып баруу боюнча келишимдерге жетишилди.

 Долбоордун санариптик билим берүү багытынын негизги максаты – жарандардын санариптик тейлөөлөрдү, электрондук кызматтарды колдонуу боюнча санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жакшыртуу жана заманбап санариптик технологияларга ишенимин жогорулатуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасында ар түрдүү тармактарда санариптештирүүнү өнүктүрүүнү колдоо үчүн жаштарды IT чөйрөсүнө тартууну көздөйт.

Өлкө боюнча жайгаштырылган жана жабдылган 70 борбордун базасында ар кандай форматтагы биргелешкен окуу программаларын, конок лекцияларын, тегерек столдорду, санариптик лидерлер жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрүү жана кызматташуу боюнча ниеттерин буга чейин төмөнкүлөр  билдиришкен:

  • Алдыңкы мамлекеттик орган – санарип билим берүү боюнча өнөктөш КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Персоналдуу маалыматтарды коргоо боюнча агеттик (жекече маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук, кибертазалык);
  • IT компаниялардын КАРПОУ бирикмеси жана IT академиясы  (базалык ИТ компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүү программасы);
  • Жогорку технологиялар паркы (дата-аналитика боюнча окутуу программасы);
  • Электрондук соода ассоциациясы (санариптик сабаттуулук);
  • Digital Академиясы (популярдуу санарип кесиптерге санарип көндүмдөр боюнча базалык курс);
  • Кыргызстандын банктарынын союзу (санарип финансылык сабаттуулук);
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мамлекеттик санарип кызматтар жана сервистер);
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы (санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу жана электрондук кол тамганы ЖСБББда (жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда) каттоо менен электрондук тейлөөлөрдү ЭКТ коштоосу аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү менен);
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Digital CASA- КР» долбоору (базалык санариптик компетенттүүлүктөр, санарип эксперттердин тренингдери);
  • Креативдүү индустриялар ассоциациясы (санарип дизайн);
  • Jyldyz Academy (HackIT курсунун программасы жана Тимур Мон менен шыктандыруучу жолугушуулар);
  • Namba Group (Мобилдүү санарип технологиялар жана сервистер, Аман Тентиев менен шыктандыруучу жолугушуулар);  
  • КР Улуттук банкы (мектеп окуучулары, студенттер жана эл үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери, “Топтоо” ишкер оюну);
  • “Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусу (чоңдор үчүн “Санарип 50+” санарип билим берүүнүн негиздери);
  • КР киберспорттук коомчулугу (шыктандыруучу лекциялар жана фестивалдарды өткөрүү).
  • «Альфа телеком» ЖАК (санарип мобилдүү сабаттуулук).

 Долбоор санариптик жана жарандык билим берүү жагынан мамлекеттик, жеке секторлордун, донорлордун жана бизнес-коомчулуктардын жана бардык кызыкдар тараптардын ресурстарын жана күч-аракеттерин консолидациялоо үчүн туруктуу бириктирүүчү платформа максатында иштелип чыккан. Ошондой эле коммуникация аянтчасы (коворкинг) катары тегерек столдорду, ийгиликтүү лидерлер менен жолугушууларды, жаштардын дебат клубдарын өткөрүү жана аймактарда аялдардын лидерлигин жайылтууга да кызмат кылат.

Долбоор КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун мамлекеттик сектордогу негизги өнөктөштөрү - КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>