Башкы Жаңылыктар КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү …

КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча жарандык коом институттары, коомдук уюмдар менен меморандумдарга кол коюлду

06-Сен, 2022

КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында аймактарда биргелешкен билим берүү-агартуу тууралуу КР БШК менен ар түрдүү жарандык институттар, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда келишимге жетишилди.

Жарандык билим берүү боюнча долбоордун багытынын негизги максаты – Кыргызстан элинин бай мурастарына, заманбап демократиялык принциптерге жана мекенчилдикке негизделген билимдерди, көндүмдөрдү жана жарандык жалпы баалуулуктар тутумун үйрөтүүнүн негизинде компетенциялуулукту жана жарандык жигердүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү, укук маданиятын жогорулатуу.

Кызматташуу жана өлкө боюнча жайылтылган жана жабдуулары бар 70 борбордун базасында ар түрдүү форматтарда биргелешкен окутуу программаларын, лекция, тегерек стол, лидерлер жана эксперттер менен жолугушуу өткөрүү ниетин 10дон ашык өнөктөш билдирди. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

  1. Жарандык билим берүү боюнча жетектөөчү мамлекеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
  2. “Жаран. Мамлекет. Шайлоо” багыты боюнча – Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү
  3. “Тарых. Бабалардын мурасы (даанышмандыгы). “Манас” эпосу укук маданиятынын булагы катары” багыты боюнча – “«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы”;
  4. “Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү” багыты боюнча – Озон борбору;
  5. “Жаштардын дебаты” багыты боюнча – Жаштардын IDEA дебат клубу;
  6. “Кыз-келиндердин лидерлиги” багыты боюнча – Борбордук Азиянын жергиликтүү башкармалыгынын академиясы жана Депутат аялдардын клубу.

Долбоор мамлекеттик жана жеке секторлордун, донор жана бизнес-уюмдардын, бардык кызыкдар тараптардын жарандык жана санариптик билим берүү жаатында ресурстарын жана күч-аракеттерин баш коштуруу үчүн бириктирүүчү туруктуу аянтча болуп калууга, ошондой эле тегерек столдор, ийгилик жараткан лидерлер менен жолугушуу үчүн коммуникациялык аянтча (коворкинг), жаштардын дебат клубдарын өткөрүү, аймактардагы кыз-келиндердин лидерлигин илгерилетүү үчүн орун катары кызмат кылууга тийиш.

Долбоор КР Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Мамлекеттик жана жеке сектор тараптан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун негизги өнөктөштөрү болуп саналат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>