КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы үчүн онлайн-окутуу өткөрдү
30 августа 2022
КР БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2022-жылдын 30-августунда бекитилген графикке ылайык Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы үчүн онлайн-окутуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгына ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоону 2022-жылдын 9-октябрына – жекшембиге дайындалды.
Окутууда шайлоодо жана шайланма органдарда аялдарды колдоо максатында шайлоо округдарында мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө түшүндүрүлдү. Атап айтканда, мандаттардын саны шайлоо округдары менен бирге жарыяланат. Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул резервге калтырылган мандаттар башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт, андан кийин калган мандаттар рейтинг боюнча башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.
Учурда Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрүүдө. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин аяктайт. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 19-сентябрына чейин аяктайт.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо участокторуна кирүүсүн камсыздоо боюнча ченемдер түшүндүрүлдү. Атап айтканда, Майдан айыл аймагынын 5 шайлоо участогунун 3өө – мектеп имаратында, 1өө - бала бакча имаратында, 1өө – клуб имаратында жайгашкан. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул маселе прокурордук көзөмөлдүн предмети болуп саналат.
Ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартибине, «Электрондук талапкер» программасынын иштөөсүнө, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүүгө, ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишине, маалымдоого жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, арыздарды, даттанууларды кароо тартибине, КР БШКнын маалыматтык ресурстарына, жаңы шайлоо технологияларын пайдаланууга байланыштуу маалымат берилди жана комиссия практикалык көндүмдөргө ээ болду.
Маалымат үчүн: 2022-жылдын 5, 6-сентябрында Майдан айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу пландалууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү