Башкы Жаңылыктар Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ …

Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бир катар жыйналыштарды өткөрөт

26-Авг, 2022

“Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча иштер жѳнүндѳ” КР БШКнын 2022-жылдын 30-июнундагы №224 чечими менен Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ВАЖТ) түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкан ВАЖТ жыйналышында ВАЖТтын иш багыттары, форматы жана иш графиги аныкталды.

Макулдашылган багыттар боюнча ВАЖТта төмөнкүдөй 7 топчо түзүү чечилди:

1) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү маселелери боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү маселелери боюнча;

3) каржылык айкындуулукту камсыздоо маселелери боюнча;

4) шайлоого шайлоочулардын айрым категорияларынын (мигранттардын ж.б.) катышуу шарттарын жакшыртуу маселелери боюнча;

5) шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн шайлоо талаш-тартыштарын жана укуктук жоопкерчиликти кароону ѳркүндѳтүү маселелери боюнча;

6) шайлоодо колдонулуучу электрондук технологияларды ѳркүндѳтүү маселелери боюнча;

7) маалымдоо маселелери жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча.

Учурда мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ВАЖТтын алкагында шайлоо процессинин уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын тажрыйбасынын негизинде мурда өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн артыкчылыктарына жана кемчилдиктерине талдоо жүргүзүлүп, өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн жыйынтыктары боюнча коомдук жана эл аралык байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштары изилденүүдө.

ВАЖТтын кезектеги жыйналыштарын сентябрда өткөрүү пландалууда:

1) 16-сентябрда – жумушчу топтун жыйналышы:

- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү – Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин жана «Инфоком» МИнин презентациясы;

- шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу жолдорун талкуулоо – ВАЖТтын катчылыгынын маалыматы;

2) 23-сентябрда – жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышы – тегерек стол: шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү боюнча эл аралык, коомдук байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштарын талкуулоо;

3) 27-сентябрда – шайлоодо колдонулуучу электрондук технологияларды ѳркүндѳтүү маселелери боюнча топчонун жыйналышы (ВАЖТтын каалаган мүчөлөрүнүн катышуусу үчүн ачык): Добуш берүүнүн дистанциялык жана электрондук түрлөрү. Алдыңкы эл аралык тажрыйбанын обзору – презентация.

Коомчулук жана ЖМК үчүн ВАЖТтын жыйналыштарынын эшиги ачык.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>