АНОНС! БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча тегерек столго чакырат
23 августа 2022
КР БШКнын алдындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча тегерек столго чакырат.
Тегерек столдун алкагында коомдук жана эл аралык байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштары, ведомстволор аралык жумушчу топко келип түшкөн сунуштамалар талкууланат.
Тегерек стол 2022-жылдын 23-сентябрында саат 14.00дө Бишкек ш., Пушкин көчөсү 50 дарегинде жайгашкан БШКнын имаратында өтөт.
Катышуу маселеси боюнча, ошондой эле сунуштарды берүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун секретариатына кайрылсаңыздар болот:
- байланыш номерлери: 0312 620184, 0312 660143, 0553 858380;
- эл.дарек kutberdieva@shailoo.gov.kg