Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

11-Авг, 2022

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

 «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо  2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулары!

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоочуларды тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоо үчүн www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында 2022-жылдын 10-августунда (добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда) участкалар боюнча жайгаштырылды.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 5 шайлоо участогу – №8110, 8111, 8112, 8153, 8195 УШКлары түзүлдү. 5 УШКда шайлоочулардын жалпы саны 8076 болду.

Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмеси 2022-жылдын 20-августуна чейин шайлоо участокторунда илинет.

Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС-билдирүү жөнөтүп, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз).

Кандай гана каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле         Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 23-сентябрына чейин (кошуп алганда) жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.

Шайлоо участогунда арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) (Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Орозбеков көч., 200 дареги боюнча КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволордун түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот.

Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана шайлоодо добуш берүү күнү добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!

Майдан айылдык кеңешинде жалпы саны 21 мандат бар.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү Майдан айылдык кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Майдан айылдык кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо мажоритардык тутум боюнча өткөрүлөт.

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 20-августуна чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.

Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңчилик менен (шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен) түзүлөт.

Маалымат катары: 2018-жылдын август айындагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 5 шайлоо округу түзүлгөн.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген ченемдерге ылайык, ар бир шайлоо округу боюнча мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан аз эмеси ар бир шайлоо округу боюнча аялдар үчүн резервге калтырылат.

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жөнүндө маалымат жана ар бир округ боюнча аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны менен КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында тааныша аласыздар (Башкы бет/шайлоочулар/шайлоо округу жана чек аралар).

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Майдан айылдык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Шайлоого катышуу боюнча талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында арыздардын тариздери жана талапкерлерге талаптар тууралуу эскертме, үгүт жүргүзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу маалымат жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-mestnyh-keneshej-oktyabr-2022-g/).

Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана керектүү документтерди кабыл алуу шайлоо дайындалган күндөн (2022-жылдын 9-августунан) тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин аяктайт.

 

Документтер кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта кабыл алынат.

Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын                           19-сентябрына чейин аяктайт.

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 2022-жылдын 19-сентябрынан тартып башталат жана 2022-жылдын 8-октябрында саат 8.00дө токтотулат.

2022-жылдын 9-октябры – добуш берүү күнү.

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары  2022-жылдын 30-октябрына чейин (добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) аныкталат.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо резервке калтырылган мандаттар алгач башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды.

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, ал Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз иштерди уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды камсыздоо – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:

- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;

- жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоо;

- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо зарыл), жылуулук менен камсыздоо;

- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын өкүлдөрү!

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар КР БШКдан аккредитациядан өтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган ЖМК, интернет-басылмалар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 19-августуна чейин обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.

КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.

Урматтуу талапкерлер, шайлоо процессинин катышуучулары!

Шайлоонун укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүү зарыл.

КР БШК тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн эшик ачык, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын, айкындуулукту, калыстыкты кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу  маанайда өтүшүнө болгон күч-аракетин жумшайт, талапкерлердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук баалуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл жана бирдей шарттарды түзөт.

БШКнын маалымат ресурстары

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.

БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде

· (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/)  атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, АШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.

БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

  • 1255 – кыска номери;
  • 0990 02-12-55; 0502 00-12-55 WhatsApp номерлери;
  • 0312 62-62-46 – ишеним телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.

0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.

 

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы менен байланышуу үчүн маалыматтар:

Кадамжай АШК төрагасы – Жакипов Абдибахап Мамасалиевич, 0772 145 191;

БШКнын Кадамжай АШКсындагы атайын өкүлү – Арыков Тайкара Кудайбердиевич, 0772 944 770, 0508 201 960.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>