Башкы Жаңылыктар БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган КР Баткен облусунун Кадамжай …

БШК 2022-жылдын 9-октябрына  дайындалган КР Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планын бекитти

10-Авг, 2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун  Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.

Планга ылайык депутаттарды шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:

1. Шайлоочулардын тизмелери

- Калктын бирдиктүү мамлекеттик tizme.gov.kg порталынан шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү реестринен чыгарып алуу  – 2022-жылдын 10-августуна чейин;

- шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин; - шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2022-жылдын 9-сентябрына чейин;- шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү – 2022-жылдын 29-сентябрына чейин.

- шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана каталарды же жазуулардагы так эместиктерди иштеп чыгуу – 2022-жылдын 20-августунан 23-сентябрына  чейин (кошуп алганда);

2. Шайлоо округдарын түзүү - шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин.

3. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

-  Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү аралыгы –– добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин);

- Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда (2022-жылдын 19-сентябрына чейин).

4. Шайлоо алдындагы үгүт  жүргүзүү – 2022-жылдын 19-сентябрынан  башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2022-жылдын 8-октябрында, саат 8.00дө) токтотулат.

5. Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү:

- шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү – 2022-жылдын 19-сентябрына  чейин; даярдап чыгаруу- 29-сентябрына чейин, АШКга берүү –29-сентябрына чейин, УШКга берүү- 7- октябрга чейин.

6. Добуш берүү жана жыйынтыктарын чыгаруу:

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу – 2022-жылдын 6-октябрына чейин;

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда -2022-жылдын 8-октябры;

- добуш берүүнү өткөрүү – 2022-жылдын 9-октябры, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;

- Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2022-жылдын 30-октябрына чейин.

7. Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо

Шайлоого тийиштүү маалыматтарды ЖМК, интернет басылмаларына жайгаштыруу үчүн БШКнын акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү - 2022 - жылдын 19 - августуна чейин.

Байланышуу үчүн телефон 0(312)  665452

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>