КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

30 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-июнунда өткөн жыйналышында Ат-Башы, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо, Жайыл, Ак-Суу жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Кыргызбаев Адылбек Өмүркановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Максүтова Гулжан Токтомамбетовнага өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Акылбек уулу Бакайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муратбек уулу Азаматка өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Абдымажит уулу Капардын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алимбетов Аслан Шамшиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин депутаты Ташматов Замирбек Кыязбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурбек уулу Таалайга өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын (№6, «Ишеним» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тохтыев Нурмухамат Элахуновичке (№9, «Ишеним» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Искаков Медербек Жумабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омукеев Данияр Абдыкалыковичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Гаипова Асылкан Камалидиновнанын (№11, «Ала-Тоо Кыргыз жери» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурбекова Минавар Кубатбековнага (№14, «Ала-Тоо Кыргыз жери» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Апызалы кызы Жылдыздын (№3, «Жаңы Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Олжобаева Бегимай Олжобаевнага (№6, «Жаңы Доор» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү