МКК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнүндө БШК аппаратынын бир катар кызматкерлерин төш белги жана  Ардак грамота менен сыйлады

23 июня 2022

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча иште жогорку көрсөткүчтөрго жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик КР БШК аппаратынын бир катар кызматкерлерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыкты кызматкери” төш белгиси жана  Ардак грамота менен сыйлады.

Мамлекеттик кызматынын мыкты кызматкери төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Айтикеев Т.О. – шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын  начальниги;

 - Мырзакматова Э.Т. – шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы.

Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Кожокеева М. Д. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

- Эрназаров А.С. – МКТ башкармалыгынын МШТ бөлүмүнүн башчысы;

- Дюшембиева Б.Н. – эл аралык кызматташуу жана шайлоо  процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы;

- Абдилатов К.А. – ПТК бөлүмүнүн эксперти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү