БШК Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

23 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 23-июнундагы жыйналышында Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

1. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Нур» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эсенбекова Нурайым Сатыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тумарова Дария Судановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дуйшебаева Бактыгюл Ызабековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Темирбекова Даткайым Темирбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Н.С. Эсенбекованын жана Б.Ы. Дуйшебаеванын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү