КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
23 июня 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 23-июнунда өткөн жыйналышында Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин депутаты Акимов Муратбек Абдулсаламовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маматов Атамбек Омаровичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Бердиев Абдимуталип Мамасабировичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калматов Бакай Таалайбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Тезекбаев Жолдубай Садырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мукушов Шерикбек Кубанычбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Үсөн уулу Кыязбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Станбекова Элнура Турусбековнага өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Тагаев Бактыбек Исманалиевичтин (№1, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саматов Санжарбек Анаркуловичке (№5, «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Муминжанова Сохиба Өкмөтжановнанын (№12, «НДПК» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ражапова Чаросхон Алишеровнага (№18, «НДПК» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылдык кеңешинин депутаты Кожоналиев Эрнис Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бердибек уулу Исламга өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү