2021-жылдын 23-июнунда өтө турган КР БШК отурумунун күн тартибинин долбоору

23 июня 2022

Өткөрүү датасы: 23-июнь 2022-ж.

                                                                  Убактысы: 11:30

                                                                  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).

2. Чүй жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

(баяндамачы – Э. Мырзакматова, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы).

3. Ар кандай маселелер.