Башкы Жаңылыктар КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо …

КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

20-Июн, 2022

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.

Азыркы учурда резервдеринде саясий партиялардын өкүлдөрү болбогондугуна жана 9 аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болбогондугуна байланыштуу 54 аймактык шайлоо комиссиясынын ичинен 52 аймактык шайлоо комиссиясынын (тизмеси тиркелет) резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты.

Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (шаардык жана айылдык кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин документтерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) 2022-жылдын 1-августунун саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.

Жарандар, коомдук бирикмелер 2022-жылдын 1-августунун саат 18-00үнө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке (шаардык, айылдык) документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКга токтоосуз өткөрүлүр берилет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу.

Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамыжана резерви тууралуу маалыматтар, КР БШКнын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобо менен КР БШКнын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол

Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16

Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШКнын курамында турган саясый партиялар (КР БШКнын расмий сайтынан караңыз) ал АШКнын резервине документтерди тапшырбайт.

 

Тиркеме

 

Саясий партиялардан резервге

 

Ош АШК (шаардык)

 

Баткен облусу

1.Баткен шаардык АШК

2.Баткен АШК

3.Сүлүкта АШК

4.Кызыл-Кыя АШК

5.Кадамжай АШК

6.Лейлек АШК

 

Жалал-Абад облусу

1.Жалал-Абад АШК

2.Майлуу-Суу АШК

3.Тогуз-Торо АШК

4.Кара-Көл АШК

5.Токтогул АШК

6.Аксы АШК

7.Базар-Коргон АШК

8.Ала-Бука АШК

9.Ноокен АШК

10.Чаткал АШК

11.Сузак АШК

12.Таш-Көмүр АШК

 

Ысык-Көл облусу

1.Балыкчы АШК

2.Жети-Өгүз АШК

3.Ысык-Көл АШК

4.Каракол АШК

5.Түп АШК

6.Ак-Суу АШК

7.Тоң АШК

 

Нарын облусу

1.Нарын шаардык АШК

2.Нарын АШК

3.Жумгал АШК

4.Кочкор АШК

5.Ат-Башы АШК

6.Ак-Талаа АШК

 

 

 

 

Ош облусу

1.Алай АШК

2.Араван АШК

3.Кара-Кулжа АШК

4.Кара-Суу АШК

5.Ноокат АШК

6.Өзгөн АШК

7.Чоң-Алай АШК

 

Талас облусу

1.Талас шаардык АШК

2.Талас АШК

3.Бакай-Ата АШК

4.Кара-Буура АШК

5.Манас АШК

 

Чүй облусу

1.Кемин АШК

2.Токмок АШК

3.Чүй АШК

4.Ысык-Ата АШК

5.Аламүдүн АШК

6.Жайыл АШК

7.Москва АШК

8.Панфилов АШК

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан резервге:

 

Баткен облусу

1.Кадамжай АШК

 

Жалал-Абад облусу

1. Майлуу-Суу АШК

2. Ноокен АШК

3. Чаткал АШК

4. Сузак АШК

 

Нарын облусу

1.Ат-Башы АШК

 

Талас облусу

1.Талас райондук АШК

 

Чүй облусу

1.Москва АШК

2.Панфилов АШК

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>