КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

17 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-июнунда өткөн жыйналышында Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Кадырбек уулу Чынгыздын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумашов Сталбек Огонбаевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Тологонов Жанболотбек Тологоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алиев Темирлан Руслановичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Карабаев Тынчтык Кенжебековичтин (№1, «Улуу-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сулайманов Марат Болотбековичке (№4, «Улуу-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылдык кеңешинин депутаты Эсенгулов Эрнис Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамбетов Эрнэст Абаевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылдык кеңешинин депутаты Казначиев Калмамат Абдулаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдувалиев Чынгызали Аскаралиевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинин депутаты Жаныбаев Сапарбек Тургуналиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Раева Элизавета Шайлообаевнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтин (№11, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жуманазаров Элдияр Жамшитовичке (№43, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Дженалиев Советбек Нуржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тобокел уулу Амантурга өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Дара айылдык кеңешинин депутаты Мисиралиева Урматбүбүнүн ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бабакулова Жумагүл Жолдошбаевнага өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү