БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

08 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-июнундагы жыйналышында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Стамов Айбек Кубатович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурланова Жанэт Нурлановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.К. Стамовдун Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү