КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

08 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-июнунда өткөн жыйналышында Сокулук, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Абуладзе Иброхим Халиловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омуров Орозбек Омуровичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты Мурзакматов Нурболот Сапарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Туйбаев Руслан Сапарбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижнее-Аларча айылдык кеңешинин депутаты Акаев Суеркул Султановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетовичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылдык кеңешинин депутаты Мунарбек уулу Максаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Голенкова Жанна Сатывалдиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Рысмандиева Жашыкүл Куанычпековнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Конурбаев Жусупбек Сыдыковичтин (№2, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мажиев Нурсеит Тойчубековичке (№5, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Абдулхакимов Иброхимжон Тойчубаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хусанов Абдукарим Халматхановичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты Бийсеев Надырбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Борбушалиев Амантур Шакиралиевичке өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Түп районунда Табалдиев Акылбек Ниязович Тогуз-Булак айылдык кеңешинин, Алымжанова Венера Дюшакиновна Түп айылдык кеңешинин депутаттары болуп калышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү