Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн …

БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн аянтча уюштурат жана ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт

07-Июн, 2022

Бүгүн – 2022-жылы 7-июнда Борбордук шайлоо комиссиясында Германия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында Германиянын жана Кыргызстандын шайлоо укугу  боюнча семинар өткөрүлдү. Иш-чара БШК тарабынан Фридрих Эберт атындагы Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бмргеликте эл аралык эксперт Ян Бушту чакырып, уюштурулду.

Ян Буш демократиялаштыруу жана укук үстөмдүгү маселелери боюнча эл аралык эксперт болуп саналат жана парламентти изилдөө тармагында адистешкен. Чыгыш Европада жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, чоң тажрыйбага ээ болгон.

Иш-чара жарандардын, шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана  шайлоо процессинин катышуучуларынынукук маданиятын жогорулатуу тармагындагы иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыздоо максатында КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердигинин алкагында өткөрүлдү.

Семинар БШК мүчөлөрүнүн, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КР мамлекеттик органдарынын, саясий партияларынын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, жогорку окуу жайларынын (КУУ, КМЮУ, КРСУ, КРПМБА) өкүлдөрүнүн жана студенттеринин катышуусунда өттү.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоолордун аралыгындагы мезгилде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу БШКнын негизги максаты болуп саналарын белгиледи. Бул максатта БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулоо үчүн аянтча уюштурат жана ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер чакырылган.

Ушуга байланыштуу эл аралык тажрыйбаны, атап айтканда, Германиянын Федеративдүү Республикасынын шайлоо укугунун  тажрыйбасын окуп-үйрөнүү Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда пайдалуу болмокчу.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Германиянын КРдеги Элчиси Габриэла Геллил жаштардын бул семинарга катышып олтургандыгы жана бул маселеге кызыккандыгы аны кубандырып жатканын белгиледи.

“Биздин мамлекеттер тарыхый, социалдык, маданият жана башка өңүттөрүндө айырмаланышы мүмкүн. Ошондой болсо дагы, айырмачылыктарга карабастан, биз бири-бирибизди байытып, тааныша алабыз. Бүгүнкү иш-чара Фридрих Эберт атындагы Фонддун аркасы менен билим алуу жана тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө”, - деди дипломат.

Фридрих Эберт атындагы Фонддун өкүлчүлүгүнүн региондогу директору Филипп К. Ян Германиянын шайлоо укугу бир орунда турбасын, ал дайыма өнүгүп тураарын, ошондуктан эки мамлекеттин депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун өзгөчөлүктөрүн салыштыруу пайдалуу болот деп айтты.

Эл аралык эксперт Ян Буш Бундестаг депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун жана шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Германиянын депутаттарын шайлоонун аралаш тутумунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун аралаш тутуму менен кээ бир окшош өңүттөрү бар. Ошону менен бирге төмөнкүдөй олуттуу айырмачылыктары бар: Бундестагды шайлоодо почта аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар, шайлоо даттанууларын кароо тартиби жана мөөнөттөрү (5 жылга чейин), Федералдык  шайлоо комиссиясынын төрагасын оо тартиби (ички иштер министри тарабынан дайындалат) ж.б.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартиби тууралуу презентация болуп, анда шайлоонун аралаш тутумунун өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.

Дискуссия бөлүгүндө Жогорку Кеңештин депутаттары, прокуратура, Ички иштер министрлигинин, Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана жогорку окуу жайларынын студенттери  тарабынан суроолор берилди.

Маалымат үчүн: Фридрих Эберт атындагы Фонд (FES) Германиянын 1925-жылы негизделген учурдан тартып социал-демократия идеяларына берилген бай тажрыйбасы бар эски саясий фонддорунун бири болуп саналат. Өзүнүн калыптанышы жана миссиясы жагынан фонд демократиялык жол менен шайланган Германиянын биринчи президенти Фридрих Эберттин саясий мурасына милдеттүү.

Маалымат үчүн: ГФР парламенти – бундестагда 2002-жылдан тартып 598ден кем эмес депутат бар. Ал аралаш тутум боюнча түзүлөт: орундардын жарымы (299) 299 бир мандаттуу округда б.а. мажоритардык тутум боюнча добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алып, шайланган талапкерлерге берилет.

Мандаттардын экинчи жарымы тигил же бул партия канча добуш алганына жараша партиялык тизмелер боюнча бундестагга өткөн талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Бундестагга шайлоо үчүн партия өз талапкерлеринин ичинен жерлер боюнча партиялык тизмелерди түзөт: 16 жердеги партиялык бөлүмдөрдүн ар бири өз тизмесин түзөт.

Германиянын жарандары почта аркылуу же болбосо добуш берүү күнү тикелей добуш бере алышат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>