Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

25-Май, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 25-майында өткөн жыйналышында Бишкек, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак, Ноокен, Аламүдүн, Панфилов, Кемин, Нарын шаардык, Кочкор, Ат-Башы, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Чоң-Алай, Өзгөн, Бакай-Ата, Ысык-Көл, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Попиков Олег Владимировичтин (№4, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Давыдов Эрмырза Давыдовичке (№7, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Артыков Махмуд Уматалиевичтин (№1, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Анарбеков Курманбек Кубанычовичке (№25, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Өмүржан уулу Мирбектин (№1, «Бирге - Вместе» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Коконбаев Кенжебек Коконбаевичке (№7, «Бирге - Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Омурзаков Мирзараим Кыргызбаевичтин (№10, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ташбулатов Бакытбек Токсомбаевичке (№16, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Тансыков Мирлан Анваровичтин (№11, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чыныбеков Шумкар Калмаматовичке (№17, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаты Алымкулов Замирбек Торобаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Туташев Элдияр Жеенбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылдык кеңешинин депутаты Дарманкулова Шербет Машираповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мирзаходжаева Махсудахан Садиковнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозный айылдык кеңешинин депутаты Кыдыкеев Сыргак Биляловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыраев Тынчтыкбек Кочкуновичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Толобаева Сыйнат Джапаровнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанбекова Чолпон Султанбековнага өткөрүп берилди.

Нарын облусунун шаардык Нарын кеңешинин депутаты Шадыманов Бек Медетбековичтин (№1, «Ордо» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таалайбеков Жолдошбек Таалайбековичке (№6, «Ордо» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Тентимиш уулу Сабиттин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Урматов Өмүрбек Урматовичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Асанбаева Клара Асановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Усупова Динара Эриковнага өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичтин (№5, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мадаминов Максатбек Кубанычбековичке (№11, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Касымов Нурбек Мухтаровичтин (№1, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таджибаев Равшан Шадыбаевичке (№8, «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаты Баймурзаев Адылбек Махамматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жунусалиев Галмамат Абсаматовичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Убаев Суйунбай Ташбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сапаров Тажибай Жусупбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек кызы Мөлмөлдүн ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Матисламова Бүүзара Мажитовнага өткөрүп берилди.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Суюнбаева Мадина Сирожидиновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сыдыкова София Исираиловнага өткөрүп берилди.

Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигинин негизинде Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдурахманов Махмуджан Машрапжановичтин (№1, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигинин негизинде Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Мамазайитов Арапжан Жомолдиновичтин (№5, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты Суеркулов Таалайбек Молдотаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бегалиев Тынчтык Белековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айылдык кеңешинин депутаты Жумаев Мирлан Конокбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бактыбеков Нурсултан Бактыбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айылдык кеңешинин депутаты Садыбакова Атыркүл Турсунбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Урбаев Жаныбек Ондонбаевичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаты Турат уулу Эдилдин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Арзыбаев Эрклан Жээнбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Энилчек айылдык кеңешинин депутаты Аллабердиев Азамат Орозбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джусупов Саламат Мусаевичке өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунда Араева Гульнара Аманбаевна Ленин айылдык кеңешинин, Исаков Үрүстөм Курманалиевич Пригородный айылдык кеңешинин депутаттары болуп калышты.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Мурзажанов Алтынбек Саматовичти (№7, «Ынтымак» с/п) Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>