БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт!

05 мая 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкөнүн эгемендиги жана көз карандысыздыгы бекитилген, адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук катары таанылып, демократиялык мамлекеттин укуктук негиздери аныкталган.

Конституция эл бийлигинин маанилүү принцибин аныктаган: Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамы шайлоо эркин болуп саналган, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлө турган демократиялык шайлоо тутумунун негиздерин дагы белгилеген.

Жүргүзүлгөн шайлоо реформасынын алкагында көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү, бул биздин өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы маанилүү жетишкендиги болуп саналат.

БШК Конституция ченемдерин жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну мындан ары өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерге бекем ден соолук жана бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак, ишиңиздерде ийгиликтерге жетип, эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүңүздөрдү, өлкөбүздө биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болуусун каалайбыз!