КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
02 мая 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Рамазан айынын аякташын белгилеген Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
БШК Кыргызстандын жарандарына чың ден соолук жана дөөлөт, кубаныч алып келүүчү ийгиликтерди жана ар бир үй-бүлөгө бакыт каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбызда биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болсун!