Азамат Ажыматов Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

27 апреля 2022

2022-жылдын 26-апрелинде Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өттү.

Аймактык  шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Турсункүл Бешкемпирова Кара-Балта шаардык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.

Депутаттарга ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырууда КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч., КР БШК мүчөсү Бекматов А.Г.,  Кара-Балта шаарынын вице-мэри Мусаев Ж.Ч. Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Шабданалиев Н.С.  жана КР БШКнын Жайыл АШКдагы атайын өкүлү Джумабаев Н. Б. катышты.

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна «ЭлАман» депутаттык фракциясынан 1 талапкер – Ажыматов Азамат Темиркатович көрсөтүлдү.

Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышты, А. Ажыматов 31 добуш алды.

2022-жылдын 10-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

2022-жылдын 13-апрелинде Жайыл АШК Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 6 партия шайланды:1. «Ишеним» - 8 мандат, 2. «Күчтүү Коом – Сильное Общество» - 6 мандат, 3. «Социал-демократтар» - 5 мандат, 4. «Ыйман –Нуру» - 5 мандат, 5. «Альянс» - 4 мандат, 6. «ЭлАман» - 3 мандат алды.

Маалымат үчүн:

Ажыматов Азамат Темиркатович, 1984-жылы 15-мартта туулган,

Улуту – Кыргыз.

Билими – жогорку, Бишкектеги экономика жана ишкердик мамлекеттик университети, «Финансы жана кредит» адистиги боюнча

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.

Иш стажы:

- 2018-жылдан тартып азыркы кезге чейин Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;

- 2017-2018 жж. – Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;

- 2012-2016-жж. – Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты;

- 2008-2014-жж. –«Шедевр» ЖЧК, региондук менеджер;

- 2006-2008-жж. –«Ак-Бата» ЖЧК, соода өкүлү;

- 2005-2006-жж. – билим берүү бөлүмү, айдоочу.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү