БШК жарандык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча Фридрих Эберт атындагы Фонд менен кызматташат
19 апреля 2022
БШК жарандык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча Фридрих Эберт атындагы Фонд менен кызматташат. Бул тууралуу КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Фонддун өкүлү Филипп К. Ян менен жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү болду.
Жолугушууга Фридрих Эберт атындагы Фонддун илимий кызматкери И. Сатыбалдиев, БШК аппаратынын жана Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлери катышты.
Фридрих Эберт атындагы Фонд Германиянын эски фонддорунун бири болуп саналат, анын иши саясий билим берүүгө жана жаштардын лидерлигине, парламентаризмди алга жылдырууга жана эмгекчилердин укуктарын коргоого багытталган.
Филипп К. Ян өткөн шайлоолор жогорку деңгээлде даярдалгандыгын жана өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп, учурда Кыргызстандын парламенти менен иш жаңылангандыгын, жаштардын лидерлиги боюнча долбоор ишке ашырылып жаткандыгын айтты.
БШК Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, шайлоо тутумунун өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык билим берүү тармагында, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын саясат жактан өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо, эл аралык эксперттерди чакыруу жана жаштар үчүн лекцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаатында мындан ары кызматташуу маселелери талкууланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү