Бишкекте BRIDGEнин Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнүн 5 жылдык Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча 4 күндүк семинар өтүүдө

19 апреля 2022

Бишкекте BRIDGE тутуму боюнча Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнүн 5 жылдык Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча 4 күндүк семинар өтүүдө.

Семинар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Семинарга КР БШКнын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, китепканалдардын, жарандык коом уюмдарынын жана университеттердин өкүлдөрү катышууда.

Семинар шайлоочуларга жарандык билим берүүнүн жана аларды агартуунун Стратегиясынын, максаттуу топтордун максаттарын жана милдеттерин, жарандык билим берүүнүн негизги багыттарынын аныктоого багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык тажрыйбаларды эске алып, жарандык билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуунун практикалык үлгүлөрү менен тааныштырылат.

Мындай семинар Ошто 2022-жылдын 25-28-апрелинде өткөрүлөт.

BRIDGE – бул шайлоо чөйрөсүндө билим берүүнүн эл аралык программасы, ал бүт дүйнөдө ийгиликтүү өткөрүлүүдө. Ал демократия жана башкаруу тармагында иштеген төмөнкү беш уюмдун комплекстүү окуу программаларын иштеп чыгуу, жайылтуу жана колдоо боюнча демилгеси болуп саналат: БУУ ӨПтүн, БУУнун шайлоолорго көмөктөшүү бөлүмүнүн (UNEAD), Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Демократия жана шайлоолорго көмөктөшүү эл аралык институтунун (IDEA) жана Австралия шайлоо комиссиясынын (AEC).

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү